Жаңы шайланган депутаттар 17-декабрда төш белгилерин алышат

Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер 17-декабрда тапшырылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады.

БШКнын билдирүүсүнө ылайык, 12-декабрда 29 көп мандаттуу округдан шайланган 87 депутатты каттоо жөнүндө токтом кабыл алынган. Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам талаптары бузулгандыгына байланыштуу жокко чыгарылган.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 589 жаран талапкер катары көрсөтүлгөн. Алардын ичинен 63 жаран арызын кайтарып алган, 56 жаран каттоодон өткөрүүдөн баш тартылган, дагы 10 талапкердин каттоосу жокко чыгарылган.

Натыйжада шайлоого 460 талапкер катышкан, алардын 271и эркек, 189у аял. Ошондой эле майыптыгы бар 16 талапкер катталган.

БШКнын маалыматына ылайык, VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңеште “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык гендердик квота толук сакталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз