“Кыргыз Туусу” гезити Кыргызстандагы улуттук элита калыптандыруунун маселелери тууралуу кереге кеңеш өткөрдү.
Мамлекеттик ишмерлер, окумуштуулар, адистер катышкан кереге кеңеште элита түшүнүгү, анын түрлөрү, табияты, элитаны тарбиялоо маселелери кенен талкууланды. Кереге кеңеште айтылган пикирлер, ойлор, сунуштар “Кыргыз Туусу” гезитинин сайтында кеңири чагылдырылат.
Улуттук элитаны таптап, даярдоонун бүтүндөй системасы зарыл экендигин талкууга катышкандар бир ооздон белгилешгти.
Кыргыз элинин дүйнө таанымында элита негизги философиялык, саясий, нравалык, нарк категорияларынын бири. Пассионардуу элитага тарыхый муктаждык керек, чоӊ курмандыктар талап кылынат, кыйчалыш мезгилде пайда болот деген пикирлер да окумуштуулар арасында арбын. Бизде муктаждык да, курмандык да жетиштүү, заман татаал, мезгил кыйчалыш. Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргоого кудурети жетиштүү улуттук элитаны калыптандыруу биз өткөнгө шылтап же келечекке оодара салып буйтап кетүүгө болбой турган озуйпа. Тарыхый тажрыйба, президент Садыр Жапаров бекиткен “Унгу жол” доктринасы да ушул проблеманын актуалдуулугун тастыктап турат.
“Кыргыз Туусу” гезити улуттук элитаны даярдоонун проблемаларына арналган талкуулардымындан ары да түрдүү форматта улантып, айтылган ой-пикирлерди талдап, жыйынтыгынын негизинде улуттук элитаны калыптандыруунун системасын түзүү боюнча өз сунуштарын “Ынтымак Ордого” бермекчи.