Башкы беткеШайлоо 2025Шайлоо күндөрү 10 миңден ашык милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт

Шайлоо күндөрү 10 миңден ашык милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт

30-ноябрда өтө турган мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого байланыштуу өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы Нурлан Исмаилов «Биринчи радиого» билдирди.

Анын маалыматына караганда, өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылып, аларда 5 миңден ашык милиция кызматкери нөөмөттө турат.

Шайлоо өнөктүгү 29-ноябрда саат 8:00дө расмий аяктайт. Андан кийин «жымжырттык күнү» башталып, агитация жүргүзүүгө тыюу салынат. Ал мезгилде жана шайлоо күнү 10 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти камсыз кылууга жана мыйзам бузуулардын алдын алууга тартылат.

Исмаиловдун айтымында, ИИМ шайлоонун тынч, коопсуз жана мыйзам чегинде өтүшү үчүн бардык чараларды көрүп жатат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар