whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
19.5 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКоррупциянын алдын алуу Башкы прокуратурага жүктөлдү

Коррупциянын алдын алуу Башкы прокуратурага жүктөлдү

Мындан ары Башкы прокуратура коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп калды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Негизги максат – коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу.

Буга байланыштуу Башкы прокуратурага коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга, аны ишке ашырууга, ошондой эле, коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун координациялоо, мониторинг жасоо жана баалоо боюнча жаңы функциялар жүктөлдү.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы өзүнө жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашырууда, коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын өз убагында жана толук кандуу аткарууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон уюштуруучулук-укуктук чараларды көрмөкчү.

Ошондой эле, коррупцияга каршы иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө маалыматтарды жана отчетторду талап кылат, жумушчу топторду түзөт, кеўешмелерди жана конференцияларды өткөрөт, мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат. Аны менен катар коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууда сунуштарды берет жана методикалык жардам көрсөтөт.

Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу башкармалыгынын улук прокурору М.Бусурманкулов: “Башкы прокуратура коррупцияга каршы стратегияны ишке ашырууну камсыздоо боюнча иш алып барууда. Учурда 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын милдеттерине ылайык мамлекеттик органдардын ведомстволук пландарынын аудити аяктады. Башкы прокуратура иш-чаралардын толуктугу жана өз убагында аткарылышы боюнча Мамлекеттик стратегиянын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштин кезектеги этабына өтүүдө. Бул этаптын алкагында көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугу жана алардын коррупцияга каршы стратегиянын максаттарына шайкештигине баа берилет”, – деп билдирди.

М.Бусурманкуловдун айтымында, аткарылып жаткан иштерди коомчулукка маалымдоо үчүн Башкы прокуратуранын расмий сайтында «Коррупцияга каршы саясат» бөлүмү ишке киргизилип, анда Стратегияны ишке ашыруу боюнча отчеттор жана актуалдуу маалыматтар мезгил-мезгили менен жайгаштырылып турат. Прокуратура коррупцияга каршы чараларды камсыз кылуу менен мамлекеттик органдардын ишин координациялоону улантат.

“Башкы прокуратура БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясы жана башка эл аралык келишимдердин алкагында эл аралык милдеттерди аткарат. Коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууда эл аралык келишимдердин аткарылышын координациялайбыз. Муну менен бирге чет өлкөлүк өнөктөштөр менен тажрыйба алмашуу аркылуу кызматташтыкты чыңдайбыз”, – деп кошумчалады ал.

Эске салсак, буга чейин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн, алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин колдонуу, коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле өлкөдөгү коррупцияны минималдаштыруу боюнча туруктуу натыйжаларга жетүүгө багытталган чаралардын комплексин ишке ашыруу максатында 2025–2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны өлкө башчы атайын жарлык менен бекиткен.

Коррупция – бул жөн гана мамлекеттик органдардын эле эмес, бүтүндөй коомдун көйгөйү. Коррупцияны жеке эле мамлекеттик бир мекеме же уюм жеўе албайт, бул күрөшкө ар бир кыргыз жараны тартылууга тийиш.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар