Президент Садыр Жапаров тарыхый үч мыйзамга кол койду. Алар төмөнкүлөр:
Мамлекет башчысы “2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” 2025-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Мыйзамга кол койду.
Мыйзам кыргыз-тажик Мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн аныктоо максатында жана 2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы келишимди таануу жана ратификациялоо боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу үчүн иштелип чыккан жана кабыл алынган.
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек ара боюнча келишимдик-укуктук жана ченемдик-укуктук базаны түзүү туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган, эки мамлекеттин жарандары үчүн, өзгөчө чек арага жакын аймактардагы жарандар үчүн жагымдуу шарттарды, ошондой эле мындан аркы эки мамлекеттин ортосундагы натыйжалуу социалдык, экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкка өбөлгө түзөт.
Президент “2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Макулдашуу эки мамлекеттердин аймагында жайгашкан чарбалык жана энергетикалык объекттерге аларды пайдалануу максатында тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылууну карайт.
Кол коюлган дагы бир документ – бул “2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу-ну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Бул Макулдашуу эки мамлекеттин жарандарынын тоскоолдуксуз жүрүүсүн, транспорт каражаттарынын өтүүсүн жана жүктөрүн ташууну камсыз кылууга багытталган. Макулдашуунун алкагында эки автомобиль жолун долбоорлоо жана куруу каралган, алар Макулдашуу күчүнө кирген учурдан тартып бейтарап макамына ээ болушат:
– “Дача – Капчыгай” (“Ходжаи Аъло – Ворух”) Капчыгай калктуу конушунун чыгыш тарабын айланып өтөт;
– “Миң-Өрүк – Самаркандек” (“Ориено-Шуристон”) Сурх калктуу конушунун түндүк тарабын айланып өтөт.
“Дача – Капчыгай” (“Ходжаи Аъло – Ворух”) автомобиль жолун Тажикстан Республикасы колдонот, “Миң-Өрүк – Самаркандек” (“Ориено-Шуристон”) автомобиль жолу Кыргыз Республикасы тарабынан пайдаланылат.
Ошол эле учурда, Макулдашуу менен “Ош – Раззаков” жана “Исфара – Ворух” автомобиль жолдорунун кесилишин биргелешип ыңгайлаштыруу жана пайдалануу каралат, ал дагы бейтарап макамга ээ болот жана бирдей укукта пайдалануусу каралат.
Эми эки өлкөнүн ортосунда ратификациялык грамоталар алмашылары күтүлүүдө. Ошентип, өлкө жетекчилигинин саясий эркинин натыйжасында чырдын башы болуп келген чек ара эми биротоло аныкталып, достуктун жана ынтымактуу кызматташтыктын аймагына айланууга зарыл укуктук негиз түзүлдү.