Башкы беткеСаясат жана коомСаясатШайназаров: Жаштарды шайлоого кызыктыруу керек

Шайназаров: Жаштарды шайлоого кызыктыруу керек

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык шайназаров журналисттер менен жолугушту. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча сурашты.

“БШК депутаттардын сунуштап жаткан мыйзам долбооруна комментарий бербейт. Ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн, биз ошол жерде өзүбүздүн сунуштарыбызды беребиз. Аталган мыйзам кабыл алынса, биз ошонун негизинде иштейбиз”, — деди Шайназаров.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда бир мандаттуу шайлоо округу деген жоюлуп, анын ордуна көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт. 36 шайлоо округу ирилештирип, 30 округ болот. Андагы жеңүүчүлөрдүн саны үчөөнү түзүп, эң көп добуш алган талапкерлерге мандат берилет. Эгерде, кандайдыр бир жагдайдан улам депутат мандатын тапшырса, тизмедеги көп добуш алган кийинки талапкер мандат алат. Ар бир шайлоо округунан 2 эркек, 1 аял киши депутат болуп келет. Мандатын тапшырган адам аял болсо, анда ордуна аял, эркек болсо эркек киши депутаттык мандат алат. Партиялар бир шайлоо округунан бир гана талапкерди көрсөтүүгө укуктуу болушат.

Тынчтык Шайназаров  жаштар шайлоого активдүү катышпай жатканын, алардын активдүүлүгүн көтөрүү үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү кажеттигин айтты.

“35 жашка чейинки шайлоочулар бир миллиондон ашат. Бирок, алар шайлоого кайдыгер карашат. Аларды шайлоого катышуусун жогорулатуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү кажет.

Мисалы, Ысык-Көл жана Кара-Суу шайлоо округдарынан 30 жаштагы жигиттер жеңишке жетип, депутаттык мандат алышты. Жаштар активдүү болушса көптөгөн ийгиликтерге жетише алышат”, — деди Т. Шайназаров.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

Кийинки макала

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар