whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомСаясатСуу ресурстары кызматынын жетекчисинин орун басары алмашты

Суу ресурстары кызматынын жетекчисинин орун басары алмашты

Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалды.

Ведомстводон маалымдашдай, жаңы орун басарды эмгек жамаатына директор Нурлан Жумаев тааныштырды.

Бактыбек Анаркулов суу чарба жана инфраструктуралык долбоорлор боюнча тажрыйбалуу адис, мамлекеттик жана инженердик кызматта 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар.

Ал 1965-жылы туулган, эки жогорку билимге ээ, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун (адистиги-инженер-гидротехник) жана Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин (адистиги – юрист) бүтүрүүчүсү.

Бул дайындоого чейин Анаркулов мамлекеттик башкаруу системасында бир катар негизги кызматтарды ээлеп келген. Анын акыркы 10 жылдагы тажрыйбасы:

Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким) (2018-2021-жж.),

КР президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары, «Гидрострой-долбоор» долбоордук уюмунун директору, Жалал-Абад БСЧБ (Бассейндик суу чарба башкармалыгы) башчысы.

Суу секторун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Бактыбек Кочкорович бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга, анын ичинде КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасына, ошондой эле Мамкомитеттин жана суу чарба департаментинин сыйлыктарына татыктуу болгон. Ошондой эле ага «КР Суу чарба жана мелиорация отличниги» жана “Айыл чарба кызматынын отличниги” наамы ыйгарылган.

Эскерте кетсек, буга чейин директордун орун басары кызматын Улукбек Баялиев аркалап келген. Ал жаңы жумушка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар