Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги студенттерди жыйынтыктоочу аттестациялоо эрежелерин өзгөртүүнү сунуш кылууда. Жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Министрлер кабинети сунуштаган өзгөрүү боюнча дипломдук иш 16 жумалык милдеттүү практика (стажировка) менен алмаштырылат. Практиканын жыйынтыгы бүтүрүү экзаменинде бааланат жана студенттер практиканын аягында бизнес-план, стартап долбоору, тиркемелүү долбоор же практикалык колдонууга багытталган башка натыйжаларды тапшырат.
Министрликтин маалыматына караганда, мындай өзгөртүү студенттерди кесиптик жактан даярдоого, практикадагы тажрыйбасын жогорулатууга багытталган. Практика бүтүрүү квалификациялык ишке альтернатива катары эсептелет жана айрым багыттардагы даярдыктын өзгөчөлүгүн, ошондой эле жумуш берүүчүлөрдү тартууну эске алууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, долбоор мамлекеттик аттестациялык комиссиянын чечимин практика учурунда мыйзам бузуулар аныкталса жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карайт.
Белгиленгендей, УКМКнын текшерүүлөрүндө айрым билим берүү мекемелеринде бүтүрүү экзамендери жана диплом берүү эрежелери бузулгандыгы аныкталган.

