Башкы беткеАктуалдуу маекСалтанат МИТИЕВА: “Абакта иштеп ата-энесине акча салган кыздар бар”

Салтанат МИТИЕВА: “Абакта иштеп ата-энесине акча салган кыздар бар”

Россияга агылган мекендештерибиздин айрымдары ийгиликтерге жетишсе, кээ бирѳѳлѳрү акчанын айынан жаза тайып кылмышка кириптер болушуп, темир тор артында отурушканы баарыбызга маалым. Кылмышты бири билип жасаса, бири билбей жасагандыктан, алардын баарын бир беткей жаманга чыгарып койгон болбойт. Ушундай күтүүсүз жерден тагдыры бузулгандарга кол сунуп, жыйырма жылдан бери Россия абактарындагы боордошторубузду Кыргызстанга которууда талбай эмгек кылып келе жаткан мекендешибиз Салтанат МИТИЕВАны азыр кыргыз эли жакшы тааныйт. Жол түшүп, Бишкекке келип калган экен, атайы жолугуп кепке тарттык.

 

-Кээде айрым мекендештерге жардам бере албай калып, катуу ѳкүнгѳн учурлары¢ыз болобу?

-Болот. Мисалы, эки кыргызстандык эже 105-статья (адам ѳлтүрүү) менен Россияда соттолушкан. Бирѳѳ Мордовияда, бири Можайскийде отурат. Эки эженин бирѳѳсүнүн байкеси ичип келип “Арак таап бер, акча бер» деп эжесине тынчтык бербей койгон. Бир туугандар ортосунда чыр чыгып эжеси агасын ачуусу менен бир жолу сайып жиберген. Натыйжада агасы каза болуп калган. Тергѳѳдѳ, соттук отурумдарда маркумдун аялы, кыздары кѳрсѳтмѳ беришип “Ооба, атабыз арак ичип тынчтык берчү эмес. Эжебизде эч кандай күнѳѳ жок” дешти. Сот бычак сайган кызга алты жыл берди. Аны бул жакка котортолу десек Кыргызстан кабыл алган жок. Себеби, Кыргызстанда адам ѳлтүргѳндѳргѳ 9 жылдан жогору мѳѳнѳт берилет экен. Ошентип ошол эки эжеге жардам бере албай калдым. Дагы бир 1969-жылы туулган байке лифт менен түшүп келе жатып 10 жашар орус кызды кѳрүп калат. Бул жактагы неберелерин сагынган байке кыздын жашын сурап, аны эркелетип, бетинен ѳѳп койгон. Коркуп кеткен кыз лифттен качып чыгып үйүн кѳздѳй чуркаган. Мындайды күтпѳгѳн байке да ѳзүн жоготуп сыртка качкан. Тилекке каршы, жеткинчек кызга сексуалдык ыдык кѳрсѳттү деп айыпталган байкеге сот 13 жыл берди. Мындай берене боюнча Кыргызстанда 15 жылдан жогору бергендиктен аны да которо албадык. Ушуга абдан ѳкүндүм. Тиги байке менден үмүтүн үзбѳй эле “Кыргызстанга барса¢ жол-жобосун сурап кѳрчү. Балким, мени кабыл алышар” дейт. Айлам кетип прокуратурада экстрадиция боюнча иштеген Шамкалбек деген жигитке бул боюнча кайрылсам аларды которууга мыйзам жол бербесин айтты. Себеби, бул жакка которулса соттолуучу ашыкча 2-3 жыл отуруп калат экен.

Ба¢ги зат боюнча кыргызстандык балдар Россияда 10 жыл алышкан экен. Кыргызстанда 2021-жылга чейин ба¢гизат менен соттолгондор максималдуу 7,5 жылга эркинен ажыратылгандыктан аларды Кыргызстанга которууга уруксат берилди.

-Россиянын абактарында кѳп болот экенсиз, бардыгында эле эркинен ажыратылгандарга жумуш берилеби?

— Ооба берилет. Россиянын абактарындагы тигүү цехтеринде, жыгач иштеткен цехтерде соттолгондор иштеп, кадимкидей эмгек акы алышат. Бирок, алардын айылыгы накталай берилбей абак ичиндеги дүкѳндѳргѳ которулат. Ал жерден соттолгондор ѳзүнүн акчасынын эсебинен керектүү нерселерин алып турушат. Соттолгондордун туугандарына ушуга да сүйүнгүлѳ дейм.

Жумуш демекчи, мурда Кыргызстандын абактарындагылар иштебей, чѳнтѳк телефондорду каалагандай колдонушчу. Азыр бизде да бекем тартип орноп, чакан ишканалар ачылып, абактардын сүйлѳшүү пункттарында таксофон коюлуптур. Бул ѳтѳ жакшы. Себеби, биринчиден, Кыргызстанга которулуп келген соттолуучулар абактан чыкканда экинчи кылмыш кылгысы келбей калат. Экинчиден, 5-10 ми¢ сом тапса да ал кем-карчын ѳзү камсыздап алат. Анан түрмѳ түрмѳдѳй болбой, жыргал жашоо болсо кылмышкер кайра эле кылмыш кылып, ал жакка түшѳ бербейби.

-Соттолуучулар ошол иштеп тапкан акчасынан банктарга которо алышабы?

— Кыргызстанда кандай экенин билбейт экем, а Россияда которо алышат. Айрым кыздар абактан ата-энесине, туугандарына акча которушат. Кыргызстанга которууларда абактагы кыздардын кээ бирѳѳлѳрү ай сайын айлык маяналарын мага которуп, чегин да жѳнѳтүшѳт. Аны мен алар бул жакка которулуп келгенде берем. Кээде которулуп жаткан соттолуучулар поезд менен кыйналбай самолёт менен кеткилери келишет. Андай учурда аларга ѳз каражатынын эсебинен билет алып, конвойлордун кызматына да тѳлѳйм. Абактагылардын капчыгын ойлоп мүмкүн болушунча арзан билет алганга аракет кылабыз. Бул жагынан ЖАМКда иштеген Бакыт Кабаев деген байкеге ыраазычылыгымды билдирем. Ал качан болбосун которулгандарга арзан билет алганга аракет кылып турат.

— Фейсбук баракча¢ызда “Вотсабымда түрмѳгѳ түшүп, андан ары согушка кетип ѳлгѳн кыргызстандык балдардын да үндѳрү бар. Аларды эмдигиче ѳчүрѳ албай кыйналам” деп жазыпсыз. Убагында ушундай балдарга да жардам берди¢изби?

-Негизи согуш жѳнүндѳ кеп кылбайын дегем. Сурап калды¢ыз үстүртѳн айтып кетейин. Бир эле 2003-жылы туулган абактагы Данияр аттуу баланын таржымалын айтайын. Ал бала Кыргызстанга которулуу боюнча арыз жазып, анын документтерин Россия Кыргызстанга жѳнѳткѳн. Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин шалаакылыгынын негизинде ал документтер убагында каралбай, унутулуп калган. Негизи анын Кыргызстанда кабыл алуу боюнча соту 2024-жылдын 6-майында эле болгон. Мыйзам боюнча Башкы прокуратура июнда Россияга тиешелүү документтерди жѳнѳтүш керек болчу. Бирок ал документ кечигип, Данияр менден суранганынан ноябрь айында Россиянын Юстиция министрине кайрылсам “Бизге андай документ келген жок” дешти. Кайра Кыргызстан Башкы прокуратурасына ѳтүнүч жѳнѳтсѳм “Иттик бизден кетип калды, унутуп калыппыз” дешип Даниярдын документин жѳнѳтүшкѳнчѳ жигит ѳз эрки менен согушка кетип, каза болуп калды. Соцтармактарда жазышкандай Россияда абактагыларды эч ким мажбурлап согушка алып кете албайт. Алар абактан тажап, Россия жарандыгын алып ѳз каалоолору менен кетишет. Эгер мажбурлоо болсо 10-11 жылдан бери абакта Кыргызстанга которула албай жаткандарды деле айдап ийишмек.

Ульяновск абагында Аттокур деген бала бар. Ага “Мен сени Кыргызстанга которуп алам, согушка кетип калбайсы¢бы” десем, “Эже менин ата-энем ѳтүп кеткен. Мен согушка кетип ѳлүп калсам ата-энеме ким куран окуйт?”,-дегенде эмне дээримди билбей калдым. Дагы бир эки жапжаш жигит “Эже биз бул жактан чыгып сизге чалабыз” деп согуштагы аскердик форма менен түшкѳн сүрѳттѳрүн жѳнѳтүшкѳн. Кийин экѳѳ те¢ каза болуп калышты. Булардан башка согушка кетип кайтпай калган бир топ ѳзбек, кыргыз балдардын аудио, видеолору бар.

-Абакта отурган кыргызстандыктардын кѳбү ба¢гизатын ташып кармалгандар экен. Мекендештер дагы кандай беренелер менен кылмыш жоопкерчилигине кѳп тартылышат?

— 126-берене ­– адам уурдоо, 163-берене ­– акча талап кылуу менен кармалгандар кѳп. ªкүнгѳнүм ушул беренелер менен сот иши болгондо жабырлануучулар дагы кыргыздар болуп чыгат. Жакында эле 9 адам жѳн эле жерден ушул беренелерге негизделип кармалып, алды 22, арты 16 жылдан эркинен ажыратылды. Аларды бир жерге алып барган таксист 14 жылга соттолду. Бул окуя мындай болуптур. Мага жердеш 1993-жылы туулган келин 3 кызы менен ажырашып Москвага келет. Ал жакта бир чайханада иштеп калат. Чогуу иштеген кыз “Менин айылдашым бар, таанышып кѳрсѳ¢” деп экѳѳнү тааныштырат. Жигит үйлѳнмѳк болгондо келин “Мени айылга алып барып, никебизди мыйзамдуу каттатам десе¢ баш кошууга даярмын” дейт. Бала макул болуп айылга келишип мыйзамдуу никелешет. Кийин тиги жигит, анын апасы дагы келиндин атынан кредит алышат. Анан ал бала келинди таштап Москвага келип башка бирѳѳ менен жашап алат. Келин аркасынан барып кредитти тѳлѳш десе жигит “Колу¢ан келгенин кыл, тѳлѳшпѳйм” дейт. Кыз эмне кыларын билбей жүрсѳ бирѳѳ Москвада андай карызды ѳндүрүп берүүчү жигиттер бар экенин айтат. Келин алардан жардам сурайт. Алар баягы жигитти

машинага салып ээн жерге алып барышып келин экѳѳнү беттештиришет. Тигил машинамды сатып кредитти тѳлѳйм деп убада берет. Бирок, бошонуп алган со¢ ал арыз жазып, 8 бала бир келин 126,-163-беренелер менен соттолуп кетишти. Негизи бул жерде келин мыйзамсыз иш кылып койду. Ал балдарга кайрылбай полицияга барып арыз жазса, тигил жигит 159-берене (алдамчылык) менен кылмыш жоопкерчилигине тартылмак. Бизде каршы доо арыз (встречный) жазса кечиришип, арыз кайра артка кайтарылып жатпайбы. А Россияда мындай каршы доо арыз деген жок. Аны билбей айрым жаш балдар менен жашап алган келиндер жигитин Кыргызстанга кетиргиси келбей, коркутуп коёюн деген ойдо арыз жазышат. Ушундай арыздын кесепетинен канчалаган жапжаш жигиттер, уландарыбыз Россияда соттолуп кетишти. Ошон үчүн арыз жазарда ар бир кыргызстандык ойлонушу керек.

-Россия абактарында кыска убакытка отпуск алгандардын ичинен барар жери жок кыз-келиндерди ѳз үйү¢үзгѳ алып келген учурлар да кѳп болот экен. Алар качып кетет же дагы бир туура эмес иштерди жасап ийет деп коркпойсузбу?

— Жаманды жаман дей берсек жаман болот. Жаманды жакшы десек ал акыры ал о¢олот. Кыргызстанга келеримде эле Чүйлүк бир кыз “Салтанат эже мен Чүйдүн Караколунан болом. Москвада бара турган жерим жок. 9 күн отпуск берилди. Абактын жатаканасынан чыгып убактылуу болсо да эркиндикте жүргүм келет. Сиздикине барсам болобу?”,- деп жазды. Мен эч ойлонбой туруп “Келе бер” дедим. Ошондо досум “Эй сен келесоосу¢бу, эрте¢ бул качып кетсе сени камап коюшат”,- деди. “Кой эми, башынан ушунчалык кыйынчылык ѳтүптүр, качпаса керек”,-дедим. Анын үстүнѳ андан “Сен качпайсы¢бы?”,-деп сураш мага ы¢гайсыз.

Бир чети курбумдун айтканы да жѳндүү. Себеби, абактагы адамды убактылуу ѳргүүгѳ чыгарарда инспекторлор анын кайсыл дарекке, кимдикине барарын так аныктап туруп коё беришет. Ошондуктан абактагы бирѳѳнү үйүмѳ алып келерде инспекторлорго бардык маалыматтарды, паспортумдун кѳчүрмѳсүнѳн бери берем.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

(уландысы кийинрки санда)

 

 

 

 

 

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар