Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Дарыгер” фильминин 7-сериясы тартылды

“Дарыгер” фильминин 7-сериясы тартылды

Эгемен Кыргызстандын тарыхында саламаттык сакчыларына арналган биринчи көркөм фильм тартылууда. Жалал-Абадда тартылып жаткан көркөм фильм 10 сериядан турат. Бүгүнкү күндө фильмдин 7-сериясы тартылып бүттү.

Фильмдин продюсерлеринин бири, жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити менен тыгыз кызматташып келе жаткан Барно Усманова редакцияга маалымдагандай, фильмди тартууга ковид пандемиясында өз жанын жан аябаган врачтар, айрыкча медиктерге карата айрым терс мамилелер себеп болгон.

Фильмде адамдын ден соолугу менен өмүрүн сактоого арналган ыйык кесиптин ээлеринин сүйүүсү жана арманы, кубанычы жана кайгысы, кыялдары жана реалдуу жашоосу, экзистенциалдык маселелери, айтор саламаттык сактоо кызматкерлеринин чыныгы турмушу жана ары түйшүктүү, ары сыймыктуу эмгеги көркөм образдар аркылуу чагылдырылууда.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар