whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.04.2025
11.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Манас” аэрпортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери күзүндө бүтөт

“Манас” аэрпортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери күзүндө бүтөт

“Манас” эл аралык аэрпортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

«Ремонт иштери быйыл октябрь-ноябрда соңуна чыгат. Муну менен биринчиден учуп-конуу тилкеси жаңыртылып, ага учактардын жумшак конуусуна шарт түзүлөт. Экинчиден ремонт иштеринин жүрүшүндө учактардын конуусуна белги бере турган эң заманбап жарыктандыргычтар орнотулат.

Бул өз кезегинде учурда аба-ырайынын начарлоосунан учактар коно албай калган учурларды дээрлик жокко чыгарат. Мисалы, азыркыдай бир аз туман түшсө башка аэрпортко кетирүү маселеси жаралбайт. Аэропортубуздун учуп-конуу тилкеси эң жогорку талаптагы технологиялык жабдыктар менен жабдылып, замандын талабына шайкеш келет» — деп жазды ал.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар