Башкы беткеЭл аралык мамилеКыргызстан Германия менен өнөктөштүктү кеңейтет

Кыргызстан Германия менен өнөктөштүктү кеңейтет

17-апрелде Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Германиядагы Бранденбург парламентинин башчысы Ульрике Лидтке менен жолукту.

Жолугушууда парламенттер аралык кызматташуу, билим берүү, миграция жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Кыргызстан Бранденбург менен өзүнчө меморандум түзүүнү сунуштап, бул кадам квалификациялуу кадрларды даярдоо жана аларды ишке орноштурууда маанилүү роль ойной турганы белгиленди.

Ошондой эле университеттер аралык түз байланыштарды түзүү, кош диплом программаларын ишке киргизүү жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү демилгеси көтөрүлдү.

Мындан сырткары, германиялык ишкерлер Кыргызстанга инвестиция салууга чакырылып, өлкөдөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар