Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын Жазгы жыйындарынын алкагында Вашингтон шаарында АКШнын Соода өкүлүнүн Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Брендан Линч менен жолугушту.
Министрлик билдиргендей, Бакыт Сыдыков америкалык тарапка жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар эки өлкөнүн экономикалык жана инвестициялык кызматташуусун кеңейтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.
Ошондой эле 2025-жылдын февраль айында Бишкекте өткөн B5+1 бизнес-форумунун ийгиликтүү өткөнү айтылып, ал ишкерлер ортосундагы байланыштарды чыңдоого жаңы жол ачканы белгиленди.
Министр акыркы жылдары өлкө экономикасынын негизги тармактарында туруктуу өсүш байкалганын маалымдап, 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасындагы артыкчылыктуу багыттарга токтолду. Алардын катарына индустриялаштыруу жана ички өндүрүштү кеңейтүү, аймактык соода-логистика хабын түзүү, айыл чарба менен туризмди өнүктүрүү жана жашыл энергетикага өтүү кирет.