whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.04.2025
18.2 C
Бишкек
Башкы беткеАналитика“Акыл агымынан” утабызбы же уттурабызбы?

“Акыл агымынан” утабызбы же уттурабызбы?

Дүйнө жүзүндөгү ар бир мамлекеттин экономикасынын өнүгүшү өлкөдөгү дасыккан окумуштууларга, тажрыйбалуу адистерге, илимдүү, билимдүү кызматкерлерге, жаштарга, орто жаштагыларга байланыштуу экени баарыбызга маалым. Саясий, экономикалык, социалдык себептерден жана жакшы жашоону эңсөөдөн улам кайсы бир өлкөдөн адистердин, билимдүү жаштардын сыртка карай агылышы ал мамлекетти абдан алсыратып коёрун да көрүп, билип жүрөбүз. Ар тармактын такшалган, жоктон бар кыла турган билимдүү адистеринин массалык эмиграциясын орусча “утечка мозгов” деп келебиз. Негизинен бул термин Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин окумуштуулар жана инженерлердин Улуу Британиядан Түндүк Америкага болгон агымын сүрөттөө үчүн британиялык Королдук коом тарабынан (англисче brain drain) киргизилген. Учурда “акылдын сыртка карай агылуу” көйгөйү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн гана эмес, өнүккөн өлкөлөрдүн да баш оорусуна айланды. Себеби, акылдуу, жаратман адамдар өлкөдөн чыгып кетсе ал өлкөнүн экономикалык, илимий потенциалы азайып, билим берүү жана саламаттык сактоо сапаты кескин төмөндөөрүн эксперттер эскертип келишет. Жаштардын, тажрыйбалуу адистерибиздин ар жылы сыртка агылып жатышын эске алып, бул боюнча кенен ой жүгүртүп көрүүнү туура көрдүк.

Өлкөлөрдөн жаш адистердин сыртка чыгып кетүүсүнүн жакшы жактары да бар экенине карабай дүйнөнүн көп өлкөлөрү бул процесске каршы турууга аракет кылышууда. Эл аралык Эмгек изилдөө институтунун маалыматы боюнча, айрым өлкөлөр мыйзам чегинде дарыгер, мугалим сыяктуу керектүү адистердин сыртка чыгуусуна тыюу салып жатышат. Бирок, чет өлкөгө кетүүнү каалаган адистер мындай чектөөлөрдү да айланып өтүү жолун табышып, эмгек акысы, шарты жакшы өлкөлөргө чыгып кетишүүдө. Ошол эле мезгилде көпчүлүк өлкөлөр таланттуу чет өлкөлүк жаштарды тартуу үчүн “америкалык” ыкманы колдонуп жатышканын байкоого болот. Мисалы, Австралия, Жаңы Зеландия, Канада, Франция жана Улуу Британия чет өлкөлүк абитуриенттерге визалык талаптарды жумшартып, айрым учурда билим алуу төлөмүнөн бошотуп да коюшат. Бүтүрүүчүлөр жана анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жарандык алуу процесси да жеңилдетилген. Скандинавия, Германия, Нидерланды жана Венгрия илимий жана техникалык дисциплиналары боюнча англис тилинде окутууну сунуштай башташкан. Бул мамлекеттерде окутуу жана жашоо АКШ, Канада жана Австралияга караганда кыйла арзан. Кээ бир Европа өлкөлөрү техникалык билим алган чет өлкөлүк студенттерге өзгөчө колдоо көрсөтүп, аларга ар кандай жеңилдиктерди беришүүдө. Англия, Франция, Германия, Япония жана бир катар мамлекеттер жогорку квалификациядагы профессионалдар үчүн атайын виза тибин түзүшкөн. Мисалы, акыркы жылдарда Япония 220 миң чет өлкөлүккө ушундай типтеги виза берген. Германия менен Ирландия болсо жергиликтүү компьютер индустриясын күчтөндүрүш үчүн чет өлкөлүк программисттерди максаттуу түрдө тартып жатат.

Тагыраагы, Европа коомчулугу “акыл агымын” илимий элитанын жок болуу коркунучу катары кабыл алып, бүткүл Евробиримдик масштабында илимге жумшалчу каражатты көбөйтүү пландалып жатканы айтылып келет. Эске салсак, буга чейин Евробиримдик АКШ, Японияга караганда илимий изилдөөгө азыраак каражат коротуп келген. Эми илимий  изилдөөлөргө каражат бөлүү жогоруласа батыш өлкөлөрүндө миңдеген жумушчу орундар түзүлүп, “акылдар” агып келе баштайт деген ишеним бар. Анткен менен ушу тапта Европада 1000 адамга 5,4 илимий кызматкер туура келсе, АКШда – 8,7, Японияда – 9,7 кызматкер туура келет.

“Акылды”, жаш таланттарды көбөйтүү аракетин акыркы жылдарда Азиянын Сингапур, Катар, Малайзия өлкөлөрү да көрө баштаганы байкалат. Булар чет өлкөлүк студенттерди тартуунун ар кандай ыкмаларын колдонушууда. Мисалга, Сингапур, АКШнын алдыңкы университеттери менен өлкө ичинде ал окуу жайлардын кампустарын ачуу келишимин түзгөн.

Акча эмес, акыл тарткан өлкө өнүгөт

Буга чейин чет өлкөлөрдө окуган студенттердин көбү Индия, Кытай жарандары болгон болсо акыркы жылдарда Индия, Кытай таланттарды тартуу боюнча алгылыктуу аракеттерди көрө баштады. Эки өлкө тең ЖОЖдорго каражат бөлүүнү көбөйтүп, эл аралык үлгүлүү окуу жайлар түзүлдү. Болжолдуу маалыматтар боюнча мындай ЖОЖдор Кытайда 100дөн ашат. Мындай жогорку окуу жайларында кытай, индия тилин, фольклорун окутуу менен бирге так илимдер боюнча илимий изилдөөлөр да жүргүзүлүп турат. Бул окутуу программасы биринчиден, жергиликтүү ЖОЖдордун акча табуусуна, экинчиден, чет өлкөлүк “акылдарды” тартууга, үчүнчүдөн, активдүү өнүгүп жаткан Индия, Кытай бизнесине керектүү адистерди жеринен даярдоого мүмкүнчүлүк түзгөн. Ошол эле кезде таланттуу студенттерди, аспиранттарды ишке орноштуруу менен “акылдууларды” иргеп калууга шарт түзөт. Эки өлкөдөгү технология, илимдин өнүгүп жатышынын негизги себептери да ушул. Мындан сырткары, акыркы убактарда Индия, Кытай, ТАР (ЮАР), Швейцария, Латын Америкасы сыяктуу бир катар өлкөлөр илимий диаспораларды түзүү менен чет өлкөлөрдө жүргөн атамекендик “акылдардын” билимин, тажрыйбасын өз пайдаларына колдоно башташты.

Ушул жерден бир аз артка чегинип АКШнын “акыл тартуу” тарыхына үңүлсөк кызык фактылар бар экен. XVIII кылымдын аягы жана XIX кылымдын башында АКШнын көп шаарлары европалык гезиттерге усталарды, кол өнөрчүлөрдү кызыктыруучу шарттары бар жарнамаларды жарыялашкан. Алсак, Массачусетс штаты тажрыйбалуу тегирменчилерге тегирмен куруу үчүн бекер бак-дарактуу, карагайлуу жер участокторун берүүнү убада кылган. Ошондой эле ошол учурда Германия, Голландиядан, Англиядан АКШга мыкты айнек үйлөөчүлөр, тигүүчүлөр жана башка тармактын мыкты адистери тартылган.  Ошол учурда Англиядан келген  токуучу Сэмюэл Слэйтер АКШнын текстиль өндүрүшүн түптөсө, француз Ирене Дюпон порох даярдоонун жаңы технологиясын алып келген. Швейцариялык финансист Альберт Галлатин америкалык финансисттерден да кыйын адис болгон үчүн акыры АКШнын финансы министри болгонго жетишкен. Шотландиядан АКШга эмиграцияланып келген Эндрю Карнеги беш жылдан кийин дүйнө жүзү боюнча бирден бир ири болот иштеткен корпорацияны түптөгөн. “Байлыктын насааты” эссесинде Карнеги бай адамдар жардыларга жардам берүүгө милдеттүү экенин далилдеген. Ошондой эле ал АКШда коомдук бекер китепканалар тармагын түзгөн.

Америка муну менен бирге эле өз мекенинде куугунтукка учураган окумуштуу-ларды, таланттарды да өзүнө тарткан. Россиядан келген эмигрант Владимир Зворикин 1933-жылы АКШда биринчилерден болуп телевизорду түзгөн. Кийин ал Америка радио корпорациясынын президенти, россиялык Давид Сарнов менен бирге эң биринчи телевизиондук станцияны түзүп, андан соң түндө көрүүчү приборду ойлоп тапкан. Дагы бир россиялык эмигрант авиаконструктор Игорь Сикорский АКШда алгачкы вертолётту курган. Бүгүнкү күнгө чейин Sikorsky Aviation Corporation вертолёт куруудагы лидер боюнча турат. Ал эми Европадан ооп барган суутек бомбасын ойлоп тапкан физик Эдвард Теллер, математик жана физик Джон фон Нейман, чынжырчалуу ядердик реакция теориясын иштеп чыккан физик Лео Сциллард АКШнын биринчилерден болуп ядердик куралдуу болушун шарттаган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин да АКШ жашыруун “Скрепка” операциясы аркылуу нацисттик Германиядан мыкты согуш адистерин тартышкан. Бул операциянын алкагында америкалык баллис-тикалык жана космостук ракеталарды түзүүнү негиздеген Веренер фон Браун АКШга алынып келинген. Германиядагы мындай “акылга” аңчылык кылуу операциясын ошол кезде СССР менен Англия да жасаган.

Орусиядан ооп кеткендер

Россиядагы “акыл агымына” келсек, россиялык эксперттердин көбү Украина, Россия согушу башталгандан берки сыртка карай “акылдын агышы” өлкө коопсуздугуна жана экономикалык өнүгүүгө олуттуу коркунуч жаратарын айтып келе жатышат. А чынында бул процесс Россияда 1990-жылдардын башында, СССР тараганда башталган. Натыйжада 1991-жылдан 1999-жылга чейин илимпоздордун саны 878,5 миңден 386,8 миңге чейин кыскарып кеткени айтылат. Натыйжада азыр АКШда он миңдеген орус окумуштуулары иштейт. Бейөкмөт уюмдардын эсеби боюнча 90-жылдары 80 миңге жакын окумуштуу чет өлкөлөргө чыгып, Россиянын интеллектуалдык потенциалы орду толгус жоготууларга учураган. Аны эске алуу менен акыркы жылдарда Москва чет өлкөлөрдөгү окумуштууларды кайра тартууга аз-аздан аракет көрө баштаганы байкалат. Муну азыркы Россия президентинин улуттук долбоорлорундагы илим жана билим берүүгө болгон колдоолордон көрүүгө болот.

Бирок, медалдын экинчи бетинде акыбал анча жакшы эмес. Саясий, экономикалык кырдаалдан улам инженердик-техникалык таланттар изилдөө, иштеп чыгуу чөйрөсүнөн кызмат көрсөтүү тармагына кетип, коммерциялык, чет өлкөлүк буйрутмачыларга иштеп жатышканы жашыруун эмес. Ошол себептен алар өз өлкөсүнөн чыкпай туруп “эмиграцияланып”, алардын илимий эмгектери, ачылыштары чет өлкөлүк компаниянын менчиги болуп калууда.

Азыр Россиядан кетип жаткан квалификациялуу эмигранттардын көбү жогорку билимдүү жаштар. Расмий статистика боюнча, эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнүн 60 пайызы чет өлкөгө чыкса, анын 9 пайызы гана Россияга кайтып келет. Айрыкча прикладдык тармакта мыкты адистер чет өлкөлөргө чыгып кетишсе, андай шарты болбогондорго өлкөнүн илимий-техникалык тармагынан жогорку маяналуу иш табуу кыйынга турат. Негизинен россиялык “акылдар” иштөөгө жакшы шарт түзүлгөн Батыш Европага, Түндүк Америкага кетишет. Ошондой эле россиялык таланттарды “импорттогондор” АКШ, Германия, Англия мамлекеттери болуп саналат. Мындан сырткары орус “акылдуулары” азыр Түштүк Корея, Бразилияга да кетип жатышканы маалым.

(Уландысы бар)

 Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар