Башкы беткеРубрикаларБилим берүүАгартуу министрлиги: 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылат

Агартуу министрлиги: 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылат

Агартуу министрлиги 2025–2026-окуу жылы үчүн өлкө боюнча 1 жана 2-класстарга кошумча кабыл алуу жүрүп жатканын билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, 30-май күнү саат 9:00дө бир катар жалпы билим берүү уюмдарында кошумча орундар ачык болот. Бул чечим ата-энелердин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн жогорку суроо-талабын канааттандыруу, ошондой эле балдардын мектепке жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында кабыл алынган.

Республика боюнча жалпысынан 142 мектепте, анын ичинде Бишкек шаарындагы 38 мектепте 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылары белгиленди.

Кошумча квоталар кайсы мектептерде берилерин бул шилтеме аркылуу билсеңиз болот.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар