Кыргызстанда электр энергиясына болгон тарифтер 1-майдан тарта өзгөрөт

Кыргызстандын Энергетика министрлиги 2026-жылдын 1-майынан тарта электр энергиясынын тарифтерин жаңылайт. Бул чечим 2025–2030-жылдарга карата орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын алкагында ишке ашырылат. Белгиленген баалар салыктарды эске албастан көрсөтүлгөн.

Калк үчүн тарифтер
Турмуш-тиричилик керектөөчүлөр үчүн 1 кВт/саатка төмөнкүдөй тарифтер белгиленди:

  • айына 700 кВт/саатка чейин — 1,64 сом;
  • 700 кВт/сааттан жогору — 2,94 сом;
  • бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундары — 1,64 сом;
  • “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган аз камсыз үй-бүлөлөр:
    • 700 кВт/саатка чейин — 0,50 сом;
    • андан жогору — 2,94 сом;
  • “чектөөсүз” тарифи менен керектөөчүлөр — 4,17 сом.

Бизнес жана мамлекеттик сектор үчүн тарифтер
Турмуш-тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн 1 кВт/саатка баалар төмөнкүдөй:

  • социалдык жана коомдук керектөөчүлөр — 2,96 сом;
  • өнөр жай ишканалары — 3,65 сом;
  • коммерциялык керектөөчүлөр — 4,33 сом;
  • бюджеттик уюмдар — 4,62 сом;
  • электр унааларын кубаттоо станциялары — 5,99 сом;
  • энергияны көп керектеген ишканалар — 6,84 сом.

Жалал-Абад облусу үчүн өзгөчө шарттар
Токтогул району, Кара-Көл шаарындагы Жазы-Кечүү айылы жана жергиликтүү насос станциялары үчүн өзүнчө тарифтик тартип каралган:

  • алгачкы 150 кВт/саат — электр энергиясынын өздүк наркы боюнча;
  • 150дөн 700 кВт/саатка чейин — 1,64 сом;
  • 700 кВт/сааттан жогору — 2,94 сом;
  • аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн 150–700 кВт/саат аралыгында — 0,50 сом.

Мындан тышкары, насос станциялары электр энергиясын өздүк нарк боюнча пайдаланышат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз