whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЭкологиялык тарыхый демилге: Ысык-Көлдү кайрадан жейрендер байырлайт

Экологиялык тарыхый демилге: Ысык-Көлдү кайрадан жейрендер байырлайт

Президент Садыр Жапаров 2-майда Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында жейрендин популяциясын жана таралуу аймагын калыбына келтирүү багытындагы «Жейрен-Ордо» долбоору менен таанышты. Бул экологиялык мааниси чоң долбоорду «Аргали», «Илбирс» коомдук фонддору жана «Гулистан» дыйкан чарбасы биргелешип ишке ашырууда. Максат — бир кезде өлкө аймагында кеңири тараган, бирок браконьерлик жана жаратылыш шарттарынын өзгөрүшү себеп болгон жоголууга жакын калган жейренди кайрадан мекенине кайтаруу.

Долбоордун алкагында жейрендерди табиятка «жумшак ыкма» менен коё берүү каралган. Баштапкы этапта жаныбарлар жарым-жартылай эркин шарттарда багылып, адаптацияланып, андан кийин жапайы жаратылышка чыгарылат. Учурда борбордо 43 баш жейрен багылып жатат, жыл аягына чейин алардын санын 60ка жеткирүү пландалууда. Бул жылы 25 жейренди, анын ичинде уруктануу үчүн эркек жана ургаачыларды тукум улактары менен кошо коё берүү көздөлүүдө.

Президент Садыр Жапаров жейрендердин Ысык-Көл жээгине дээрлик 100 жылдан кийин кайтып жатканын баса белгилеп, калкты, өзгөчө жергиликтүү тургундарды бул демилгени колдоого чакырды. Анын айтымында, бул жаныбарлар экологиялык тең салмактуулукту сактоодо маанилүү роль ойнойт — алар тикенектүү жана уулуу өсүмдүктөр менен азыктанып, чөп жамыныштын балансын камсыз кылат. Ошондой эле мамлекет браконьерликке каршы күрөштү күчөтүп, жаратылышты коргоого багытталган иш-чараларды улантарын билдирди.

Мамлекет башчысы жергиликтүү бийликке жана коомчулук өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Анын айтымында, ар бир жаран табият алдындагы жоопкерчилигин сезиши керек, анткени жаратылышты сактоо — келечек муундар үчүн жасалган инвестиция. Долбоор келечекте экотуризмди өнүктүрүүгө да жол ачып, аймактын социалдык-экономикалык турмушуна оң таасир тийгизе турганы белгиленди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар