АКШ президентинин атайын өкүлү Кит Келлог Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу аракеттеринин алкагында Вашингтон Россиянын аймактар боюнча айрым талаптарына макул болууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал Fox News телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
Келлогдун айтымында, азыркы аракеттер сүйлөшүү мүнөзүндө жүрүүдө жана бул контекстте тараптар айрым позицияларда келишимге келе алат. Ал АКШ Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетүү ниети жок экенин белгиледи.
Вашингтон Лондондогу жолугушуудан кийин Украина жана Европа Биримдиги менен макулдашылган 22 пункттан турган документти алганын, ал шарттарга Киевдин өкүлдөрү да макул болгонун кошумчалады. Документте биринчи кезекте ок атышууну толук токтотуу жана бул тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн 30 күндүк мөөнөт сунушталган.
Эске салсак, өткөн жумада АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын азыркы лидери Владимир Зеленскийди сынга алып, анын Крымды Россияныкы деп таануудан баш тартуусу Москва менен сүйлөшүүлөргө тоскоол болуп жатканын билдирген. Трамптын пикиринде, эгер Зеленский тынчтыкка жетишүүдөн баш тартса, Украина үч жылдан кийин таптакыр жоголуп кетиши мүмкүн.
Ал арада Кремль сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Трамптын чабарманы Стив Уиткофф менен жолугушууда Владимир Путин Украин тараптан алдын ала шарт коюлбастан сүйлөшүүгө даяр экенин тастыктаганын айтты. Бирок Киев азырынча бул жолугушууга тыюу салган чечимин өзгөртө элек.
Россия тарап Украинанын сүйлөшүүгө кызыкдар эместигин айтып келет. РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова Зеленский Лондондогу жолугушууну үзгүлтүккө учуратканын, Пасха маалындагы ок атышууну токтотуу сунушун жана энергетикалык объектилерге каршы чабуулдарды токтотуу боюнча мораторийди этибарга албаганын мисал келтирди.

