Башкы беткеЖогорку КеңешЖК Жалал-Абад шаарын Манас деп атоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды

ЖК Жалал-Абад шаарын Манас деп атоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Документти депутаттарга Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кудайберген Базарбаев тааныштырды.

Эл өкүлү Миргүл Темирбаева шаар атын өзгөртүү менен катар Манаска жаңыча эстелик тургузуу зарылдыгын айтты. Анын пикиринде, азыркы эстеликтер Манасты көбүнчө атчан жоокер катары гана чагылдырат, бул жаштарга бир жактуу образды түзүшү мүмкүн. Ошондуктан, Манасты тактыда отурган адилеттүү башкаруучу катары да көрсөтүү сунушталды.

Эске салсак, 3-сентябрда Жалал-Абад шаардык кеңеши мэр Эрнисбек Ормоковдун сунушун колдоп, шаардын атын Манас кылып өзгөртүү чечимин кабыл алган.

Шаар атын алмаштырууга болжол менен 15 млн сом керектелери айтылууда. Бул чыгымдар флагштоктогу жазууларды, көчө жана мекеме-уюмдардагы аталыш тактайчаларын алмаштырууга жумшалып, каржыны Жалал-Абад мэриясы көтөрөт. Иш-аракеттер мыйзам күчүнө киргенден кийин жарым жылдын ичинде бүткөрүлүшү керек.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар