whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.11.2025
1.1 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешАзыгалиев менен Мамдуманын депутаты мигранттарга жеңилдиктерди талкуулашты

Азыгалиев менен Мамдуманын депутаты мигранттарга жеңилдиктерди талкуулашты

26-майда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Россия Федерациясынын федералдык жыйынын Мамлекеттик Думасынын депутаты, Кесиптик бирликтердин жалпы конфедерациясынын башкы катчысы Виктор Пинский менен жолугушту. 

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Ошондой эле эмгек мигранттарынын маселеси көтөрүлдү: «Акыркы учурларда Россияда миграция чөйрөсүн тартипке салган бир топ мыйзамдар кабыл алынып жатат. Албетте кайсы гана өлкөдө болбосун тиешелүү талаптарды аткаруу маанилүү. Эмгек мигранттарынын арасында да мыйзамсыз жүргөндөрү жок эмес. Ошол эле учурда жумуш берүүчү тараптардан да кемчилик кеткен учурлар көп кездешип келет. Андыктан бул маселени кеңири талкуулап, биргелешип чечүүгө чакырам», — деди ал.

Мындан тышкары Азыгалиев эмгек мигранттарынан алынчу орус тил сынагын жана милдеттүү медициналык кароону Бишкектеги Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде өткөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Виктор Пинский аталган сунушту колдой турганын айтып, ал боюнча атайын демилге көтөрүп чыгууну убадалады. Ошондой эле Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен да мигранттардын маселесин кеңири талкуулаганын айтып, бардык суроо-талаптар жакшы жагына чечилерине үмүт артарын кошумчалады.

Гезит

Диана Талгартбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар