whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.06.2025
33.3 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешЖК депутаттары Транспорт министрлигинин ишине канааттанган жок

ЖК депутаттары Транспорт министрлигинин ишине канааттанган жок

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Сыдаков Транспорт жана коммуникация министрлигинин ишине канааттанбай турганын айтып, аталган башкармалык жана анын бөлүмдөрү «Ак куу, рак жана щука» деген тамсилди эске салып жатканын билдирди.

Ал эми депутат Улугбек Ормонов министрликте түшүнүксүз кошумча бөлүмдөр, структуралар пайда болуп жатканын айтты. Ал белгилегендей, Транспорт министри (Абсаттар Сыргабаев. — Ред. 24.kg) кызматка киришкенде «Кыргызавтожол» ишканасын таратам деп айтып, тескерисинче бөлүп салган.

Депутат Транспорт министрлигине караштуу Жол чарба департаментинде 68 кызматкер бар экенин жана алардын баары Каржы министрлигинен түшкөн акчаны «Кыргызавтожол» ишканасына которуу менен алек экенин билдирди.

«Эгерде буга чейин Транспорт министрлигинин акчасын бир адам бөлүштүрсө, азыр муну бир нече ишканалар жасайт. Ал эми өз каражатына жол салып, 2023-жылдан бери министрликтен акчасын кайтарып ала албай жүргөн ишкерлер бар», — деди депутат.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Бекназар Базаралиев депутаттарга бул ишкананын кызматкерлери жолдорду пайдаланууга кабыл алып, курулуш иштерин көзөмөлдөп жатканын түшүндүрдү. Ал эми «Кыргызавтожол» ишканасы жолдорду куруу жана тейлөө менен алектенет.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар