Мал чарба тармагындагы экспорттоочулар үчүн кошумча эсептелген салыктын өлчөмү 20дан 3 пайызга чейин төмөндөтүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бул тууралуу Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан келген ишкерлер менен жолугушууда билдирди.
Айрым экспорттоочуларда малды сатып алуу наркын тастыктаган баштапкы документтердин жоктугунан улам салыктык текшерүүлөрдө иш жүзүндөгү чыгымдарды аныктоо мүмкүн болбой, киреше салыгы продукциянын толук сатуу суммасынан кошумча эсептөөгө алып келүүдө. Буга чейин бул маселени жөнгө салуу максатында мыйзам кабыл алынып, кошумча эсептелген салыктын суммасын 20 пайызга чейин азайтуу каралган. Бул сумманы төлөгөндө калган 80 пайызы, ошондой эле айып пулдар жана туумдар эсептен чыгарылмак. Бирок сатуу суммасынын 20% да ишкерлер үчүн олуттуу финансылык жүк бойдон калууда. Эгерде баштапкы документтер болгондо, киреше салыгы сатып алуу жана сатуу бааларынын айырмасынан эсептелип, болжол менен 10% түзмөк.
Президенттин бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тапшырмасына ылайык, Алмамбет Шыкмаматов мал чарба азыктарын экспорттоочулар үчүн кошумча эсептелген салыктын өлчөмүн 20дан 3 пайызга чейин төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоорун киргизүүнү демилгелөөнү сунуштап, ишкерлер тарабынан колдоого алынды.


