Кыргызстан Борбор Азиядагы көп улуттуу мамлекеттердин бири. Улуттук статистика комитетинин жана БУУнун калк боюнча баяндамаларындагы маалыматтар боюнча Кыргызстанда 80ден ашык этностун өкүлдөрү жашайт. Өлкөдө этностор аралык мамилелерди жөнгө салуу боюнча улуттук саясат жүргүзүлөт жана аны 2025-жылы түзүлгөн жаңы агенттик — Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттик координациялайт. Агенттиктин негизги милдети – дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу менен бирге улуттар аралык ынтымакты жана жарандык бирдейликти чыңдоо болуп саналат.
КРнын Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттигинин өкүлү Искендер Жекшебаевичке кайрылганыбызда ал төмөнкүлөрдү айтып берди.
Улуттук агенттикти түзүү зарылдыгы эмнеден улам жаралган?
– Бул зарылдык — өлкөдөгү коомдук, саясий жана социалдык шарттарга байланыштуу болгон. Мурда дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия дин жаатында, ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги этностор аралык багыт боюнча иштерди жүргүзгөн. Бул эки багыттын иши бири-бирине тыгыз байланыштуу болгондуктан, координациянын жетишсиздиги байкалган. Ошондуктан бул функцияларды бирдиктүү органга – Улуттук агенттикке бириктирүү зарыл деп табылган. Президент Садыр Жапаровдун 2024–2025-жылдардагы реформаларынын негизги багыттарынын бири – улуттук биримдик жана мамлекеттик иденттүүлүктү чыңдоо болгон. Дин жана этностор – бул эки чоң фактор, коомдук иденттүүлүккө түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан бул агенттик “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн идеологиялык негизи” катары иш алып барууга
багытталган.
– Этностор аралык ынтымакты бекемдөө багытында агенттикте кандай иштер жүргүзүлүп жатат?
– Биз бул багытта социалдык биримдикти калыптандыруу жана чыңа-лууларды эртелеп алдын алуу системасын ишке ашырып келебиз. Улуттук агенттиктин алдында Диний жана этнос-тор аралык кырдаалды изилдөө борбору иштейт. Ошондой эле 23 көп этностуу шаарда жана райондук администрацияларда коомдук кабылдамалардын жооптуу катчылары, 341 мүчөдөн турган коомдук консультативдик кеңештер иш алып барат. Алар жер-жерлерде этностор аралык кырдаалга мониторинг жүргүзүп, алдын алуу боюнча сунуштарды мамлекеттик органдарга берип турушат.
– Кыргызстан калкы Ассамблеясы менен кызматташтык кандай жүрүүдө?
– Агенттик Ассамблеянын курамындагы 30 этностук коомдук бирикмелер менен тыгыз байланышта иш алып барат. Биз алардын маданий жана коомдук иш-чараларына активдүү катышып, ар тараптан колдоо көрсөтүп келебиз. Мисалы, Нооруз майрамы, Эгемендүүлүк күнү сыяктуу мамлекеттик майрамдарда ар этностун маданиятын жана каада-салтын чагылдырган иш-чараларды биргеликте өткөрөбүз.
– Эл аралык уюмдар менен да өнөктөштүк бар экенин билебиз…
– Улуттук агенттик ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси, PeaceNexus фонду, ЮНЕСКО, ошондой эле БУУ жана БУУӨП менен биргеликте бир катар долбоорлорду ишке ашырып жатат. Бул өнөктөштүк социалдык биримдикти бекемдөөдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатууда маанилүү роль ойнойт. Ошондой эле биздин өкүлдөр Варшавада өткөн ЕККУнун адамдык ченөө боюнча кеңешмесине, Женевадагы БУУнун адам укуктары боюнча жыйындарына катышып, өлкөбүздүн тажрыйбасын бөлүшүп келишет.
– Акыркы жылдары коомдо “Кыргыз жараны” түшүнүгү көп колдонулууда. Бул концепция тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.
– “Кыргыз жараны” концепциясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы №39 жарлыгы менен бекитилген. Ал 2021–2026-жылдар аралыгында ишке ашырылууда. Концепциянын максаты – Кыргызстанда жашаган бардык этнос-тордун өкүлдөрүн бирдиктүү жарандык иденттүүлүккө үндөө. Башкача айтканда, ар бир жаран өзүн “Кыргызстандын жараны” катары сезип, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга чакырылат. Концепция беш негизги багытты камтыйт. Алар: Кыргыз жараны катары аң-сезимдүү өзүн таанууну калыптандыруу; Эл биримдигин чыңдоо жана толеранттуулукту жогорулатуу; Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана көп тилдүүлүктү сактоо; Башкаруу жана чечим кабыл алуу процесстерине жарандардын бирдей катышуусуна шарт түзүү; Мамлекеттик институттарга ишенимди арттыруу. Бул багыттар – коомдук ынтымакты жана улуттук биримдикти чыңдоонун негизи.
– Бул концепцияны ишке ашыруу боюнча агенттик кандай иштерди жүргүзүп жатат?
– Биз калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп келебиз. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, мугалимдер, журналисттер, күч органдарынын өкүлдөрү, жаштар клубдары үчүн атайын тренингдер уюштурулуп турат. “Кыргыз жараны” аталышында телеберүүлөр, социалдык видеороликтер даярдалган. Ошондой эле логотип иштелип чыгып, маалыматтык кампания
жүргүзүлүүдө.
Билим берүү системасында да бул түшүнүк жайылтылууда – мектептерде жана жогорку окуу жайларда жарандык иденттүүлүк, этностордун маданияты жана толеранттуулук боюнча сабактар киргизилип жатат.
– Маданий иш-чаралар да бул багытта маанилүү роль ойнойт окшойт?
– Албетте. Ар этностун маданий мурасын даңазалаган иш-чаралар элдин биримдигин чыңдоого өбөлгө түзөт. Мисалы, Нооруз майрамы, Эгемендүүлүк күнү, Эне тил күнү жана Салттуу музыка жумалыгы сыяктуу иш-чаралар ар жылы өткөрүлүп, өлкөнүн ар бурчундагы этностордун маданияты көрсөтүлүп
келет.
– Жалпысынан айтканда, “Кыргыз жараны” концепциясынын мааниси эмнеде деп ойлойсуз?
– Бул концепция мамлекеттин туруктуулугу үчүн өтө маанилүү. Ал этностук ар түрдүүлүктү сактоо менен бирге, жалпы жарандык иденттүүлүктү бекемдөөгө шарт түзөт. Ар бир жаран өзүн бирдиктүү Кыргызстандын жараны катары сезип, өлкөнүн өнүгүшүнө активдүү катышса – бул биздин коомдун күчү жана келечеги болот.Этностор аралык ынтымакты чыңдоо — бул бир гана мамлекеттик органдардын эмес, ар бир жарандын жарандык жоопкерчилиги. “Кыргыз жараны” концепциясы – ошол биримдикти сактоонун жана өнүктүрүүнүн жол картасы болуп саналат.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”

