whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.01.2026
-8.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыСириянын Алеппо шаарында өкмөттүк күчтөр менен күрт түзүмдөрү кайрадан кагылышууда

Сириянын Алеппо шаарында өкмөттүк күчтөр менен күрт түзүмдөрү кайрадан кагылышууда

Сириянын түндүгүндөгү Алеппо шаарында өкмөттүк күчтөр менен күрт куралдуу түзүмдөрүнүн ортосунда кагылышуулар кайрадан тутанды. Салгылашуулар экинчи күн катары менен уланып, артиллерия колдонулууда.

Жергиликтүү булактардын маалыматына ылайык, кагылышуулардын алгачкы күнүндө кеминде алты адам каза тапкан. Reuters агенттиги түн салыштырмалуу тынч өткөнүн, бирок 7-январда атышуулар кайра күчөгөнүн билдирди.

Алеппонун саламаттык сактоо башкармалыгы дагы төрт адамдын набыт болуп, 18 киши жаракат алганын маалымдады.

Сириялык күрттөр жарандык согуш маалында өлкөнүн түндүк-чыгышында жана Алепподо автономдуу аймактарды түзүшкөн. Алардын куралдуу түзүмдөрү — Сирия демократиялык күчтөрү — Дамасктагы жаңы бийлик менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, 2025-жылдын аягына чейин бирдиктүү сириялык армиянын курамына кошулушу керек эле. Бирок тараптар бул макулдашуунун ишке ашпай калышына бири-бирин айыптоодо.

Дамасктагы бийлик Алеппонун Шейх-Максуд жана Ашрафия райондорунда «мыйзамдуу аскердик буталарга» сокку урулуп жатканын билдирсе, күрт күчтөрү кагылышууларды өкмөт баштаганын айтууда.

Коопсуздук кырдаалынын курчушуна байланыштуу Алеппо аэропорту убактылуу жабылып, бир катар көчөлөр жана Түркияга кеткен жол тосулду. Бийлик жарандарды эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридорлорду ачкан. Жарандык коргонуу кызматынын маалыматына ылайык, жаңжал болуп жаткан аймактардан болжол менен 10 миңдей адам чыгып кеткен.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар