whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.01.2026
-5.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыИранда демонстранттар эки шаарды көзөмөлүнө алды

Иранда демонстранттар эки шаарды көзөмөлүнө алды

Чет элдик маалымат каражаттары Ирандын Каршылык көргөзүү улуттук кеңешине шилтеме берип билдиргендей, Ирандын батышында, Ирак менен чек арага жакын жайгашкан Абданан жана Малекшахи шаарларында демонстранттар бийликти өз көзөмөлүнө алышты.

Интернетте тараган видеолордо Абданан шаарында нааразылык акциясына чыккан адамдар «Хаменеиге өлүм!», «Бул — кандуу жыл, аятолла Хаменеи бийликтен кулатылат!» деген ураандарды кыйкырып жатканы көрүнөт. Айрым видеолордо полиция кызматкерлери имараттын чатырынан демонстранттарга кол чаап, кол булгап жаткан учурлар да тартылган.

Расмий бийлик органдары эки шаарда башкаруу митингчилердин колуна өткөнүн азырынча ырастай элек. Маалыматтарга караганда, Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи демонстранттарга карата катуу чара көрүү боюнча буйрук берген.

Он күндөн ашуун убакыттан бери уланып жаткан нааразылык акцияларынын жүрүшүндө Иранда 1 200дөн ашуун адам кармалган. Эл менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышууларынан 29 демонстрант, төрт бала жана коопсуздук кызматтарынын эки өкүлү каза болгону кабарланууда.

Нааразылык акциялары өлкөнүн 31 провинциясынын 27синде, жалпысынан 250дөн ашуун шаар жана райондо катталган. Толкундоолор 28-декабрда борбор калаа Тегеранда башталган. Буга Ирандын улуттук валютасы — риалдын АКШ долларына карата кескин арзандашы жана инфляциянын 52 пайызга чейин өсүшү себеп болгону айтылууда.

Гезит

Эмгек, аракет – ийгиликтин ачкычы

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи. Ар иштин көзүн таба билген Нурсултан Муратов бут кийим тигүүгө мындан он жыл мурун кызыгып калат. Азыр келечекте...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар