Алхам Абдирасулов Грециянын Афина шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында (U-17) алтын медаль утту.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кыргызстандык балбан 55 салмак категориясында күч сынашып, алгачкы беттешинде ирандык Амирреза Саедди 5:3 эсебинде жеңип алды. Андан соң 1/8 финалда венгриялык Балинт Казиншини 9:0 эсебинде утту. Чейрек финалда Кытайдан келген Цзунъяо Вуну 9:1 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алды. Финалга чыгуу үчүн болгон таймашта индиялык Адитья Гуптаны 6:5 эсебинде жеңип, чечүүчү беттешке чыкты.
Ал эми финалдык таймашта казакстандык Нурали Аскарды 4:1 эсебинде жеңип, алтын медалга ээ болуп, дүйнө чемпиону аталды.
Муну менен Алхам Абдирасулов кадеттер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон бешинчи кыргыз балбаны болуп калды. Буга чейин мындай наамды балбандар: Уран Калилов (1996-жылы), Акжол Махмудов (2016-жылы), Нуристан Сүйөркулов (2021-жылы) жана Раззак Бейшекеев (2021-жылы) багындырган.

