АКШда өкмөт ишин жандантты

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы федералдык өкмөттү каржылоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Ага президент Дональд Трамп кол коюп, 43 күнгө созулган шатдаун расмий түрдө токтотулду.

Мыйзамга ылайык, өкмөттүн иши кайра жанданат, кызматкерлер жумушка кайтып, эмгек акы жана компенсациялар толук төлөнмөкчү. Ошондой эле аз камсыз болгон жарандар үчүн азык-түлүк боюнча жөлөк пул программалары калыбына келтирилет.

Бул шатдаун АКШ тарыхындагы эң узун деп бааланып, өкмөттүн иши 40 күндөн ашуун убакытка токтоп калган. Мурдагы эң узак мөөнөт 2019-жылы Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө — 35 күн болгон.

АКШда каржы жылы 30-сентябрда аяктап, жаңы бюджеттик жыл 1-октябрда башталат.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар