Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыМосква менен Астана жаңы деңгээлдеги стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюшту

Москва менен Астана жаңы деңгээлдеги стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюшту

Россиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кремлде өткөн жолугушууда стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык жөнүндө Декларацияга кол коюшту.

Документке ылайык, тараптар саясий байланыштарды жогорку деңгээлде сактоо, энергетика, соода жана билим берүү тармагындагы кызматташууну кеңейтүү ниетин билдирди.

Россия Казакстанда биринчи атомдук электр станциясын куруу боюнча милдеттемелерин толугу менен аткарууга даяр экенин белгиледи. Ошондой эле өлкөлөр Байконур космодромундагы кызматташтыкты өнүктүрүп, орус тилин КМШ аймагындагы эл аралык баарлашуу каражаты катары колдоону улантышат.

Тараптар Евразияда коопсуздуктун жаңы архитектурасын түзүү, көп уюлдуу дүйнө тартибин колдоо жана ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык процесстерди тереңдетүү боюнча да макулдашышты.

Путин сүйлөгөн сөзүндө жолугушуунун жыйынтыгын “маанилүү жана жемиштүү” деп атап, документ эки өлкөнүн мамилесин “сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүүчү кадам” экенин белгиледи.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар