Башкы беткеМаанилүүКыргызстандын бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү жүрүп жатат

Кыргызстандын бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү жүрүп жатат

Бүгүн Кыргызстандын бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында дагы үч алыскы добуш берүү бекети ачылган: Дордой базарында (Алкан базары), Asia Mall соода борборунда жана Дордой Плаза соода борборунда. Бардык шайлоо жарандары тесттик добуш берүүгө катышууга чакырылууда. Каалоочулар каалаган тилкеге барып, жаңы системаны жеке өзү сынап көрө алышат.

Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн шайлоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы, активдүү жарандык позициясы жана катышуусу үчүн бардык жарандарга терең ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, тесттик аралыктан добуш берүүнүн биринчи этабы 10-октябрда өтүп, кийинки этабы 30-октябрда пландалган. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт, ал эми шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар