Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россия Федерациясында жүргөн мекендештерге кайрылуу жасады.
Министр Россиянын аймагында жүрүп, ар кандай себептерден улам миграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу «кара тизмеге» түшүп калган Кыргызстандын жарандары үчүн 2025-жылдын сентябрына чейин өзүнүн укуктук абалын жакшыртып алууга жана тизмеден чыгууга акыркы мүмкүнчүлүк экенин айтып, мекендештерди убакытты текке кетирбөөгө чакырган.
“Бул нерсе өлкө башчы Садыр Жапаровдун РФ президенти Владимир Путинге кайрылуусунан улам мүмкүн болду. Мөөнөт бүткөндө “өкмөт жардам бербеди”, “президент сүйлөшкөн жок” деген дооматтар негизсиз болот”, — деп жазылган кайрылууда.
Ал “кара тизмедеги” 70 миң мекендештин ичинен үч миңге жакыны гана реестрден чыкканын белгилеп, 1-сентябрга чейин бул ишти жасабагандар депортация болорун эскертти.
«Убакытты текке кетирбей, аймактык миграция бөлүмдөрүнө же Кыргызстандын Россиядагы Элчилигине жана консулдук мекемелерине кайрылып, керектүү маалыматтарды тактап, укуктук абалды мыйзамдаштыруу жол-жоболорун баштаңыздар.
“Сентябрга чейин убакыт бар да”,- деп жүрө бербөөгө чакырабыз. Анткени ага жакын калганда полиция бөлүмдөрүндө, миграция кызматтарында, элчилик жана консулдуктарда кезек көп болуп, анан үлгүрбөй калышыңыздар мүмкүн.
Коюлган талаптарды аткаруу жеңил эле, болгону бир аз убакыт табуу зарыл,»- дейт министр.
Көзөмөлдөөчү реестрден чыгуу үчүн төмөнкү аракеттер талап кылынат:
Аймактык миграциялык бөлүмгө кайрылып, көзөмөлдөөчү реестрге түшүүңүздүн себебин тактаңыз.
Эгерде дактилоскопия (манжа издерин тапшыруу), медициналык кароо сыяктуу процедуралардан өтө элек болсоңуз:
Москва шаарында жашагандар Сахарово миграциялык борборуна;
Айматарда жашагандар РФ ИИМдин тиешелүү миграциялык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек;
Эмгек келишимин түзүү – негизги талап. Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө мамлекет болгондуктан, бул негизги шарт болуп саналат.
Эмгек келишимдин негизинде:
Миграциялык картанын жана каттоонун мөөнөтү узартылат;
Жашаган дареги боюнча каттоо жүргүзүлөт;
Документтерде кемчилик болсо (мисалы, каттоонун же келишимдин мөөнөтү өтүп кеткен болсо) – административдик жоопкерчиликке тартылып, 5000–7000 рубль өлчөмүндө айыппул салынат. Айып төлөнгөн соң, документтер мыйзамдаштырылат.
Ошондой эле россиялык тарап ички иштер бөлүмдөрүнүн иштөө убактысын дагы эки саатка узартты.
“КР Тышкы иштер министрлиги ар дайым жарандардын укуктарын коргоого жана мекендештерибизге мыйзам чегинде көмөк көрсөтүүгө даяр. Ошону менен бирге, мыйзамдашуу аракетин өз убагында көрүү ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги экенин эскертебиз,”-деп жазылат маалыматта.