Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Кыргыз Туусу” “Биз — таза Кыргызстан үчүн” акциясын демилгеледи

“Кыргыз Туусу” “Биз — таза Кыргызстан үчүн” акциясын демилгеледи

16-майда жалпы улуттук «Кыргыз Туусу» гезити Байтиктин Боз-Бөлтөгүнө барып, ири ишембилик өткөрдү.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун элге өз жаратылышына аяр мамиле жасоо, таштанды калтырбоо, өзүнө жана курчап турган чөйрөгө карата аяр мамилени калыптандыруу чакырыгын улай уюштурулган.

Жол боюндагы жана тоо этектериндеги бардык таштандылар тазаланып, жалпы 20 чоң баштык таштанды чогулду.

“Кыргыз Туусу” редакциясы элди тазалыкка үндөп, “Биз — таза Кыргызстан үчүн” акциясын улантууну башкаларга да сунуштайт.

Ишембиликтин эстафетасы “Кут Билим” гезитинин жамаатына өткөрүлүп берилди. Гезиттин редактору Майрамбек Токторов тазалык акциясын демилгелеп, жакшы саамалыкты баштап берген “Кыргыз Туусуна” ыраазычылык билдирди.

 

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар