2021-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышына Чүй облусунун №23 Москва шайлоо округу боюнча депутат болуп шайланган Карим Лемзарович Ханджеза Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында 1982-жылдын 22-августунда туулган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Карим Лемзарович эки жогорку билимге ээ. 1999-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин “Эл аралык мамилелер” адистигине тапшырып, 2003-жылы “Саясат таануунун бакалавры” квалификациясына ээ болгон. Ошондой эле, 2004-жылы ушул адистик боюнча магистратураны аяктап, “Эл аралык мамилелер жаатындагы адис” квалификациясын алган. 2010-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридика факультетин аяктап, юрист квалификациясын алган.
Чүй өрөөнүндө активдүү иш алып барып жаткан депутаттардын бири болгон Карим Ханджеза өзүнүн эл алдындагы ишмердүүлүгү менен белгилүү. Ал ар бир айылда 30 жылдан ашык убакыттан бери чечилбей келген көйгөйлөрдү, атап айтканда, таза суу, ички жана айылдар аралык жолдордун курулушу, мектептер, оорукана сыяктуу социалдык инфраструктураларды жакшыртуу боюнча жергиликтүү бийликтер менен биргеликте натыйжалуу иш алып барууда. Мындан улам, Жогорку Кеңештин депутаты Карим Лемзаровичке бир нече суроолор менен кайрылдык.
– Карим Лемзарович, сиздин депутаттык ишмердигиңизде 2024-жылы шайлоочулар менен кандай жумуштарды аткардыңыз?
– Өткөн жылы шайлоочуларым менен биргеликте бир катар маанилүү иш-чараларды аткардык. Менин айтканым, көп учурда карапайым калк депутаттарды жергиликтүү бийлик органдары менен алмаштырып, алардан мектептердин, оорукана жана башка социалдык объектилердин маселелерин чечип берүүнү талап кылышат. Бирок, ошол эле учурда депутат тиешелүү маселелердин чечилишине түздөн-түз таасир эте ала турган орган болуп саналат.
Мына ушул шартта, Москва районунда бала бакча, мектептин курулушу жана таза суу маселелери өзгөчө мааниге ээ. Мындан тышкары, райондо маданият үйүнүн жоктугу бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келе жатат. Мен ушул маселенин чечилишине өзгөчө көңүл бөлүп, учурда активдүү иш алып баруудамын.
Мындан тышкары, өткөн жылы Беловодский айылында жайгашкан “Урожайка” спорт имаратынын эскилиги жетип, абалы начарлап калган. Азыркы учурда имаратта капиталдаштыруу ремонт иштери жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө миңден ашык балбандар ошол жерде машыгып жатышат. Дагы бир көйгөй бул футболдук аянт. Өткөн жылы ошол футболдук аянттын ремонт иштерине жергиликтүү бийлик жана кошумча каражатты тапканга мен дагы жардам берип, ремонт иштери жүрүп жатат.
Мындан сырткары, Александровка айылында бала бакчанын курулушу аяктап, жакында анын ачылышы болот. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевич: “Бардык мектептер, бала бакчалар же социалдык объектилер мамлекеттин каржылоосу менен курулуш керек” деп туура айткан. Чынында, Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүк алгандан бери, Александровка айылында мамлекеттик каржылоого таянып курулган бир дагы бала бакча болбогон. Азыр гана бул объект курулуп, ачылыш алдында турат.
Мындан мурда башталган объекттердин курулушу көбүнчө 8-10 жылга чейин токтоп калган учурлар болгон. Азыр болсо курулуштар жарым жыл же бир жыл ичинде бүтүп, ишке берилүүдө. Ошондуктан, мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, президент Садыр Жапаровго, Финансы министрлигине, Капиталдык курулуш боюнча мамлекеттик органдарга жана башка тиешелүү кызматтарга ыраазычылык билдирип кетким
келет.
– Сизди айылдарда таза суу долбоору менен иш алып барып жатат деп уктук?
– Албетте, таза суу көйгөйү бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келгенин коомчулук жакшы билет. Учурда, жер-жерлерде ушул көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында активдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ошолордун катарында, биз Москва районунун Ак-Суу айыл аймагына караштуу беш айылдын калкын таза суу менен камсыз кылуу аракетин көрүп жатабыз. Себеби, союз мезгилинде, 1968-жылы таза суунун түтүктөрү коюлган жана ошол бойдон алмаштырылган эмес.
Акыркы 2-3 жыл ичинде долбоорлор ишке ашырылып, бирок жылына бөлүнгөн 5 млн. сом каражат жетишсиз болгондуктан, кошумча каражат алуу максатында дагы аракеттер жасалып жатат. Аталган долбоорду толук ишке ашыруу үчүн 100 млн. сом каражат керек болуп жатат.
– Негизги кызматыңыздар мыйзам чыгаруу экендигин билебиз. Төрт жыл аралыгында канча мыйзам чыгаруу иштерине катыштыңыз?
– Башка депутаттар менен биргеликте бир нече маанилүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды. Алар Кыргызстандын турмушунун ар түрдүү аспектилерин камтыйт. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жазык жана Жазык-процесстик кодекс-
терине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды.
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору четке кагылды. Мыйзамдын демилгеленген учурдагы редакциясында жана азыркы учурдагы 28-берененин 6-бөлүгүндө мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактануу ата-энелердин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөрү белгиленген.
Мындан тышкары, массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзам долбоору кабыл алууга даярдалып жатат.
– Сиздин депутаттык ишмердигиңизде аткарылбай калган иштериңиз болдубу?
– Ооба, «ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, Сокулук районунун төмөнкү айылдарына көп көңүл бура албай калганым мени кыжалатка салат.
Мындан тышкары, мен шайлоо алдындагы программаларымды шайлоочуларымдын алдында аткарып жатам десем болот.
– Нооруз майрамына карата сиздин куттуктооңуз?
– Жаркыраган жаз менен, эл күткөн Нооруз майрамы да босогону аттап кирип келди. Нооруз майрамы чындап эле нурлуу жана жакшы тилектердин майрамы. Жазда өрүк гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр алып, дыйкандар кош айдап, үрөн сээп, түшүмдүүлүктүн көп болушун тилегендей, биз да Нооруз майрамында элибизде ынтымак жана биримдик болсун деп аруу каалоо-тилектерди тилейбиз.
Ушул кубанычтуу майрамда жергебизде тынчтык болуп, улуу Нооруз күнү жаралган таза сезимдериңиздер эч качан өчпөсүн.
Нооруз бизге бейпил жана берекелүү заман тартуулап, жаңы дем берсин. Жаз күнүндөй жаркын маанай, ынтымак, ырыскы, бакты-таалай дайыма сиздер менен бирге болсун!
Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
«Кыргыз Туусу»