Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргыз Республикасы менен Улуу Британия кызматташтыгын күчөтүүдө

Кыргыз Республикасы менен Улуу Британия кызматташтыгын күчөтүүдө

2026-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө февраль айында Лондонго болгон сапардын жыйынтыктары жана жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун механизмдери талкууланды.

Министр Ж.Кулубаев саясий декларациялардан практикалык кадамдарды ишке ашыруунун маанисин белгилеп, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтык жана инвестициялык байланыштарын тереңдетүүнү баса айтты. Өзгөчө көңүл тоо-кен тармагына бурулуп, британдык инвестициялар менен технологияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Жолугушууда ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү, парламентарийлердин өз ара сапарларын уюштуруу жана өкмөттүк делегациялар менен бизнес-миссияларды өткөрүү тууралуу макулдашууларга жетишилди. Мындан тышкары, тараптар Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча пикир алышып, аймакта тынчтыкты орнотуу зарылдыгын белгилешти.

Жыйынтыгында Лондондо жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга жана туруктуу дипломатиялык байланыштарды сактоого өз ара кызыкдарлык билдирилди. Бул жолугушуу Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын кызматташтыгы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар