whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
22.4 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАсель Чынбаева ЮНИСЕФтин аймактык директору менен жолукту

Асель Чынбаева ЮНИСЕФтин аймактык директору менен жолукту

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Европа жана Борбор Азия боюнча Аймактык директору Реджина Де Доминичис менен жолукту. 
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын талкуулашты.
Асель Чынбаева ЮНИСЕФтин көп жылдык жана ырааттуу колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, уюм менен стратегиялык өнөктөштүк балдардын укуктары жаатындагы системалык реформаларды алга жылдырууда маанилүү роль ойной тургандыгын баса белгиледи. Анын айтымында, дал ушул улуттук жана эл аралык деңгээлдеги күч-аракеттерди бириктирүү балдардын кызыкчылыгында саясатты туруктуу өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзөт. БУУнун Балдар укуктары боюнча комитетинин 2025-2028-жылдарга карата корутунду сын-пикирлерин аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
 Кыргыз Республикасынын бешинчи жана алтынчы мезгилдүү баяндамаларын кароонун жыйынтыктарына негизделген бул документ өлкөдөгү балдардын укуктарын коргоо системасын ырааттуу бекемдөө үчүн стратегиялык платформа катары кызмат кылат.
Де Доминичис балдардын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик саясаттын алкагында болуп жаткан өзгөрүүлөргө оң баа берди, эксперттик жана техникалык жардам көрсөтүү менен ЮНИСЕФтин реформаларды мындан ары коштоого даярдыгын ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргыз Республикасында ар бир бала үчүн коопсуз, колдоочу жана өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүүгө багытталган туруктуу жана натыйжалуу өнөктөштүктү улантууну жактай тургандыгын тастыкташты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар