Ар жылы жазында Кыргызстанда республикалык масштабда ишембилик жүргүзүлүп, айлана-чөйрө тазаланат. Өткөн ишемби күнү да адаттагыдай эле жалпы өлкө боюнча ишембилик жүргүзүлдү. Албетте, мындай иш-чаралар кандайдыр бир деңгээлде айланабыздын, айылдардын, район, облус борборлорунун, шаарларыбыздын тазарышына салым кошот. Бирок, шибегени капка ката албаганыбыздай, учурда Кыргызстанда тазалык, таштанды маселеси курч бойдон калууда. Ошол себептен бул маселеге кайрадан кайрылууга аргасыз болуп отурабыз.
Бишкектен жылына 73 тонна таштанды чыгарылат
Таштанды демекчи, 2024-жылы 50дөн ашык Борбор Азия жана Европа эксперттери катышкан урбан-форумда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлү Алмаз Өскөнбаев Кыргызстанда жан башына карата таштанды көлөмү жылдан жылга өсүп бара жатканын ортого салган. Анын айтымында, 2019-жылы өлкө боюнча 1 млн. 177 миң тонна таштанды чыгарылса, 2023-жылы 1 млн. 792 миң тонна таштанды чыккан. Муну жан башына чага келсек бир адам жылыга 279 килограмм таштанды чыгарган болот (А айрым көз карандысыз иликтөөлөрдө бишкектик бир адам жылыга 400 килограммдан ашык калдык чыгарары да айтылат). Ушул эле форумда “Бишкек санитардык полигону” муниципалдык мекемесинин директору Нурлан Жумалиев шаардык таштанды полигонуна калаадан, жаңы конуштардан ар күнү 200 тонна турмуш-тиричилик калдыктары чыгарыларын билдирген. Демек, Бишкек шаарынан эле ар жылы 73 миң тонна калдык сыртка чыгып жатат. Өкүнүчтүүсү, шаардык таштандынын курамында пластик, картон, темир, айнек, тамак-аш калдыктары, кооптуу медициналык каражаттар, тигүү цехтеринен, курулуштардан чыккан синтетикалык заттар, ал тургай үй-жаныбарларынын өлүктөрү да бар. Андан бөлүнүп чыккан уу газ көп жылдан бери айлана-чөйрөнү ууландырып келе жатат.
Бул маселени чечүү үчүн мамлекет көп жылдан бери аракет кылып, тилекке каршы, анын алигиче натыйжасы жакшы боло элек. Бишкектеги таштанды чогултууну жакшыртуу, жабдыктарды модернизациялоо жана калдыктарды азайтуу долбооруна ЕРӨБ кезинде 22 млн. евро насыя, Евробиримдик 8 млн. евро грант бөлгөн. Бул каражаттын эсебинен шаардык таштанды полигонунун жанына таштанды ылгоочу завод куруу планы да болгон. Тилекке каршы, 2021-жылы 22 млн. евронун 10,5 млн. евросу гана өздөштүрүлүп, милдеттемелер так аткарылбаганы тастыкталган. Башкы прокуратура бул боюнча 4 кылмыш иш козгоп, Бишкек мэриясынын аудитордук кызматы менен Эсептөө палатасы текшерип жатат деген маалымат менен мунун аягы азыр бүдөмүк бойдон турат.
Акыры курула турган болду
2024-жылдын аягында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев журналисттерге келерки жылы катуу турмуш-тиричилик калдыктарынан электр энергиясын иштеп чыга турган заманбап эко-технологиялык завод ишке кирерин маалымдаган. Буга улай ал 12 гектар аянтты ээлей турган ишкананын бетон жумуштары ортолоп калганын, 500 жумушчу жашай турган убактылуу жатакана жана долбоорго инвестиция салган Junxin Environment Protection Кытай курулуш компаниясынын кызматкерлери үчүн убактылуу офис курулганын кошумчалаган. Мэрдин билдиришинче, курулуштун биринчи этабында күнүнө 1000 тонна калдыкты иштетип, суткасына 460 МВт/саат электр энергиясын иштеп чыга турган завод ишке кирет. Кийинчерээк, заводдун кубаттуулугу суткасына 3 миң тонна калдыкты кайра иштетүүгө чейин жетет. Мэрдин маалыматына таянсак, бул долбоорго жалпы 95 млн. доллар инвестиция тартылат жана ишкана 2025-жылдын декабрь айында ишке кирет. Адистердин айтымында, бул завод Борбор Азиядагы калдыктарды кайра иштетүү боюнча экологиялык коопсуздук менен инновациялык технологияларды айкалыштырган алгачкы ишкана болмокчу.
Ооба, ансыз да ыштан, таштандыдан, тазалыктын сакталбагандыгынан жедеп жүдөп бүткөн борбор калаабызга эбак эле мындай ишкана салынышы керек болчу. Завод го акырындап ишке кирип калар. Эми анын заман талабына жараша иштеши үчүн ири алдыда таштандылар иргелиши керек. Ал үчүн шаар ичинде кайра иштетилүүчү катуу калдыктар өз-өзүнчө урналарга салынып, заводго иргелген боюнча жеткирилиши керек. Шаардыктар тиричилик калдыктарын иргеп салууга даярбы же дагы эле илгерки ит адатыбызды карматып аралаш ыргыта беребизби?! Завод ишке киргиче мэрия ушул маселени жолго коюшу керек. Мэрияны карап отура бербей, ар бир жаран, шаардык, кыргызстандык буга салым кошушубуз керек.
Жазаларды күчөтпөсөк болбойт
13-мартта Бишкек мэриясынын маалымат кызматы жыл башынан бери муниципалдык инспекция таштандыны туш келген жерге таштаган 100дөн ашык адамды кармап, физикалык жактарга 572 миң сом, юридикалык жактарга 1 млн. 530 миң сом айып пул салынганын билдирди. Ошондой эле аталган кызмат курулуш, тигүү цехтеринин жана башка калдыктарды таштаганы үчүн 2 млн. 318 миң сомго 150 протокол түзүлгөнүн кошумчалады. Ага чейин мэрия маалымат кызматы таштандыларды туура эмес жерге таштаганы видеокамера аркылуу аныкталган бир нече шаардык тургунга КРнын Укук бузуулар Кодексинин 115-статьясынын 1-2-бөлүмдөрү боюнча протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынганын маалымдаган. Аны менен бирге эле тартип бузуучуларга таштандысын бир-эки күндө тазалап кетүү милдеттендирилген.
Бул жалпы коомчулук колдой турган жакшы иш. Мындай чара колдонууну, жазалоону мамлекет бир эле Бишкекте эмес бүтүндөй Кыргызстан боюнча жайылтып, туш келди таштанды ыргыткан ар бир айыл, район, облус, шаар тургундары административдик да, каржылык да жазага тартылышы керек. Мындай тартип киргизилбегендиктен жана коомчулуктун кайдыгерлигинен улам азыр Бишкектин ичи, айланасы, алыскы, жакынкы эс алуу жайлары, тоо, токойлорубуз, дарыя, көл жээктери таштандыга толду. Алыс барбай эле шаардын айланма жолунан ары Бишкек эркин экономикалык зонасына, Озёрное, Мурас-Ордо жаңы конуштарына кетүүчү жолдун жээктерин, Булгаары заводунун айланасын, шаарды айланып өтүүчү жолдун жээктерин карасак таштандыга жык толгон. Ал жерлерде турмуш-тиричилик калдыктарынан тартып малдын, жаныбарлардын өлүктөрү да жатат. Эң кооптуусу, Бишкек ЭЭАгына кетүүчү жолдун жээгиндеги түптөрү таштандыга толгон тыт бактарынан эл ары-бери өтүп тыт терип жейт. Булгаары заводунун айланасында, айланма жолдун жээктеринде ачык асман алдында тамак, мөмө-жемиш саткандар арбын. Мындай аймактарда эл таштандыдан чыккан микробдор менен азыктанып жатат десек болот. Ошондуктан “Тазалаган жер эмес, таштанды таштабаган жер таза” дегендей, ар бирибиз ар жерге таштанды ыргыта берүүнү токтотушубуз керек. Ар бир ыргыткан нерсебиз келечек муундун саламаттыгына урулган оор сокку экенин аң-сезимибиз менен туюшубуз керек. Өлкөдөгү боор, бөйрөк алмаштыруу, рак оорулары, ашказан-ичеги оорулары так ошол кадам сайын чачылып жаткан таштандыдан экенин ар бир кыргызстандык түшүнүшүбүз абзел.
Ойлонбой ыргытуу ооруларга алып келет
Эми биз ойлонбой ыргытып жаткан турмуш-тиричилик калдыктары канча жылда барып жок болоруна жана алардын зыяндуулугуна токтолуп кетели. Кадимки мал, жаныбар өлүгү, сөөгү 7 жылда араң чирип жок болот. Ачык асман алдында жаткан малдын өлүгүнөн өтө кооптуу инфекциялык бактериялар абага, сууга, жер кыртышына тарайт. Синтетикалык кездемелер, кийимдер, жасалма материалдардан тигилген бут кийимдер 40, 80 жылда барып чирийт. Ага чейин ал абага уулуу заттарды бөлүп чыгара берет. Унаалардын желим дөңгөлөктөрү, пластик бөтөлкөлөр, полиэтилен баштыктар, идиш-аяк жуучу губкалар, электр батарейкалары 100-200 жылда араң жок болот. Ошончо мезгил бою ал айланага уу заттарды бөлүп турат. Курамында магний, сымап, никель, калай, цинк, коргошун, кадмий болгондуктан бир кичинекей батарейка 20 чарчы метр жерди жараксыз кылат. Балдардын бир жолу гана колдонулуучу памперстери, аялдар колдонуучу гигиеналык заттар 500 жылга чейин толук чирибейт жана жаратылышка абдан зыяндуу. Консерва банкалары, темир арматуралар тирүү организмдерге өтө кооптуу. Кадимки биз суусундук ичип жаткан тетрапак идиштер 5 жыл бою пластик буюмдай эле айлананы уулайт. Биз ойлонбой ыргыткан айрым химиялык заттар менен сугарылган, иштетилген тиричилик калдыктары жапайы жаныбарлардын жок болуп кетүүсүн шарттайт.
Эмне кылышыбыз керек?
Албетте азыркы турмуш шартта калдыксыз жашоого эч мүмкүн эмес. Бирок, аны азайтуунун жолдору бар. Эң биринчиси, ансыз жашай ала турган нерселерден баш тартуу. Мисалы, адам пластик баштыктардан, бөтөлкөлөрдөн, бир жолку колдонулуучу идиштерден баш тартса болот. Алардын ордуна кездеме баштыктарды, узак убакытка колдоно турган чакан термос, кружкаларды алып жүрсө неге болбосун? Экинчиси, ашыкча кийимдерди, элекроникалык буюмдарды кыскартуу. Үчүнчүсү, айрым буюмдарды экинчи жолу колдонуу. Төртүнчүсү, кайра иштетүү. Пластик, айнек, кагаз, картон, темир, чугун жана башка кайра иштетилүүчү калдыктарды бөлүп-бөлүп чогултуп, кайра иштеткен пункттарга тапшырууну ар бирибиз колго алышыбыз керек. Бешинчиси, органикалык калдыктарды компосттоо, тагыраагы, алардан пайдалуу жер семирткичтерди үй шартында жасоо. Мунун баары гуманист Л.Рон Хаббард жазгандай, Жер планетасын, Мекен жаратылышын, улут саламаттыгын сактоого, жакшыртууга канткенде салым кошо алам деп ойлонуудан башталат. Андыктан ар бирибиз колбуздагы таштандыны ыргытардан мурун жети өлчөп бир кесип, ата-бабаларыбыздын “Ичкен кудугуңа түкүрбө” деген насаатын унутпашыбыз керек.
Мелис СОВЕТ уулу,
“Кыргыз Туусу”