Lufthansa жайкы сезондо 20 миң рейсти кыскартат

Европадагы ири авиакомпаниялардын бири Lufthansa күйүүчү майды үнөмдөө максатында июнь айынан октябрга чейин 20 миңге жакын рейсти токтотууну пландап жатат. Мындай чара 40 миң тоннадан ашык авиациялык отунду үнөмдөөгө мүмкүндүк берет жана компаниянын жалпы ишмердүүлүгүнө олуттуу таасир этпейт деп күтүлүүдө.

Авиакомпаниянын билдирүүсүндө Франкфурт жана Мюнхен шаарларынан аткарылган айрым рентабелдүүлүгү төмөн каттамдар кыскартылары айтылган. Ошол эле учурда Цюрих, Вена жана Брюссель шаарларынан учкан рейстер кеңейтилет. Мындан тышкары Рим багытындагы айрым каттамдар да азайтылат.

Так кайсы рейстер токтотулаары апрель айынын аягында жарыяланары күтүлүүдө. Белгилей кетсек, компания апрель жана май айларына карата да учуу графигине өзгөртүүлөрдү киргизип, айрым каттамдарды буга чейин эле кыскарткан.

Маалымат каражаттары билдиргендей, отун тартыштыгы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу келип чыккан. Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү мунай ташуулар чектелип, дүйнөлүк жеткирүүлөргө таасирин тийгизүүдө.

Буга чейин SAS Scandinavian Airlines да миңге жакын рейсти токтотконун билдирсе, Air France-KLM узак аралыктагы каттамдар үчүн кошумча төлөмдөрдү жогорулаткан.

Эксперттердин айтымында, күйүүчү май тартыштыгы уланса, авиакомпаниялар дагы кошумча каттамдарды кыскартууга аргасыз болушу мүмкүн.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз