Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып жаткан “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозиттик программасы ийгиликтүү уланууда.
2024-жылы кабыл алынган президенттик жарлыкка ылайык, ата-энесинен айрылган же бир ата-энеси гана калган балдар үчүн атайын депозиттик эсептер ачылган. Программанын максаты — жетим балдардын келечекте билим алышына, ден соолугун чыңдоосуна жана турак жай шарттарын жакшыртуусуна көмөк көрсөтүү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкө боюнча 3 373 бала программага катышууда. Алардын ар бирине мамлекеттик банкта жеке эсеп ачылып, каражат жыл сайын пайыздык үстөк менен толукталууда. Максат — ар бир баланын эсебинде 18 жашка чыкканда кеминде 500 миң сом топтоо.
Министрликтин өкүлү Бакыт Тодогелдиев белгилегендей, каражатты бала 18 жашка толгондон кийин үч багытта гана пайдаланууга болот:
-
ден соолугун чыңдоо үчүн;
-
жогорку окуу жайдын контрагын төлөө үчүн;
-
турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн.
Өзгөчө учурларда, мисалы, оор хирургиялык операция зарыл болгондо гана, депозитти мөөнөтүнөн мурда пайдаланууга уруксат берилет. Эгер бала 25 жашка чейин акчаны колдонбосо же каза болуп калса, каражат кайра мамлекетке кайтарылат.

