Кыргызстан Россиядан күйүүчү май алууну улантууда

0
12645

Кыргызстан Россиядан бензин жана дизель майын жеткирүүнү улантып жатат. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов ММКга билдирген.

Анын айтымында, күйүүчү майдын көлөмү бир аз азайганы менен, мурда түзүлгөн запастар абалды туруктуу кармап турат. «Жыл аягына чейин Россия бардык милдеттенмелерин аткарат. Биздин өтүнүч боюнча дизель майына болгон квота да көбөйтүлдү», — деди Эшатов.

Учурда өкмөт нефтетрейдерлер менен биргеликте күйүүчү май сатып алууну диверсификациялоо боюнча варианттарды караштырууда.

«Кризиске жол бербөө үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Эгер абал начарласа, альтернативдүү жеткирүү булактары боюнча план даяр», — деп кошумчалады ал.

Буга чейин эксперттер Азербайжан, Казакстан жана Кытайдан кошумча көлөмдөгү күйүүчү май сатып алуу мүмкүнчүлүгүн да талкуулашкан. Эгерде мындай отун Россиядан кымбат болсо, өкмөт убактылуу салык жана төлөмдөрдү азайтуу мүмкүнчүлүгүн издешүүдө.

Бул чаралар күйүүчү майдын чекене баасынын кескин өсүшүнө жол бербөөгө багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз