Башкы беткеСаясат жана коомКоомО, касиеттүү жылкы жаныбар!

О, касиеттүү жылкы жаныбар!

Миң жылдыктардан бери жылкы жаныбар адамдын жакын жан досу. Ар кайсы элдердин байыркы жомокторунда,   уламыштарында жылкыны даңазалап келишкен. Көөнө гректердин канаттуу тулпары  Пегас болгон. Ал уламышта эң мыкты акындар жашаган Парнас тоосунун чокусуна учуп барып конот дешкен.

Кыргыз калкында  жылкынын пири – Камбар ата дейт.  Б.з.ч. II кылымда кытайлар Даван мамлекетинен «асмандан түшкөн» мыкты жылкыларды талап кылган. Ал жылкылардын сүрөтү Араванда Айрымач тоодо чегилген.  Башы кичине, мойну ак куудай ийилген, соорусу жайык, жиликтери узун. Ошол жылкылар Кытайдын Даван мамлекетине кол кол салуусуна себеп болгон.

Тулпардын аты ээсинин аты менен бир аталат. Айталы, Эр-Эшимдин (1626-ж.) – Шарпкуласы, Темирдин (1730) – Жарганаты, бугу Садыктын – Кыркмачкери, Атаке бийдин – Керкулуну, бугу Шапактын  – Каракызы, Төрөгелдинин  – Ак-кызылы, Адылдын – Аксуру, Балбайдын – Сурайгыры, Байтиктин – Керкашкасы ж.б.

***

Жылкы менен элдердин ортосундагы чырды, согушту да токтотсо болот. XIII кылымда кыргыздар Чыңгыз ханга тогуз ак аттарды тартуулап, тынчтыкты сактап калат. Кытай тарыхчысы Сыма Цянь «кыргыздын аттары бойлору бийик, бир бири менен серпишкенде кимиси жеңсе  ошол атты баалайт»  деп жазган.   Улуу кыргыз дөөлөтү андай жылкысы болбосо, тарыхка кирбейт эле. Себеби Азиянын кең мейкиндигинде түмөндөгөн кошундар, черүүлөр менен ылдам жүрүү жылкы аркылуу болушу мүмкүн эле.

Чыңгыз хандын туусунда жылкынын куйрук кылынан жасалган  түпөк желбиречү.

***

Вальтер Скот – «Мыкты жылкы үчүн мамлекетимдин жартысын берем, – деген Европанын королдору болгон» деп жазат. Бүгүнкү күндө Түркмөнбашы Акалтекин жылкыларын дүйнөдөгү таасирдүү мамлекет башчыларына, президенттерге тартуулайт.

***

Кыргыздар үчүн узун жолго минүүчү талыкпаган мыкты ат бул жорго. 1835-жылы Шадыкан Кызыл жоргосу менен Токмоктон Ат-Башыга бир күндө жеткен. Бул аздык кылат, жорголор бир күндө 400 чакырымга чейин жүрөт. ХХ кылымдын башында кыргыздын жорголорун сынап көрүшкөн. Он чакты жоргону таң эрте Токмоктон коё бергенде күүгүм талаш Ат-Башыга кирип барган. Ортосу 300 чакырым. Бул тоо арасындагы жолдор менен бир күндө басканы. Орто эсеп менен бир саатта ылдамдыгы 35-40 чакырым болгон. Дүйнөдө кыргыз жоргосунан башка аттар бир күндө мынча жол жүрө албайт. Тарыхта да мындай окуя болгон эмес.

Курманжан датканын Камчыбек деген уулунун мыкты жоргосу болгон экен. Орус-
тар «ал жорго Гүлчө менен Оштун  ортосун 70 чакырымды бир  заматта басып коет» деп жазган. Ч. Айтматов Гүлсары жоргосун минип баратып чай ичсе чай төгүлбөйт деп сүрөттөгөн. Кыргыздар муну соорусуна суу койсоң төгүлбөйт дешкен.

***

XVI кылымдын орто ченинде эки үч ата өткөн бир туугандардын ичинде – Койлондон кооз  Жедигер менен  саяк Каба ортосунда  ат талаш болот. Калмактар Кабанын мыкты атын  уурдап кетет.  Бирок күндөрдүн биринде ал ат калмактан качып чыгат, аны Жедигер кармап алып минип жүрөт. Бул кабар Кабага  жетет. Ал Жедигерден – «Атымды бер”, – дейт. Жедигер «Сенин атыңды калмак уурдап кеткен ошолордон ал, бул жолбун ат. Эмнеге берет элем» – дейт. Анда Каба улуу агасы – Солтого даттанат Солто Жедигерди чакырып алып, «Көрүп турасың биз калмак менен кагышып турабыз. Бир ат үчүн ортобузда ырк кетпесин, бер саякка атын» – дейт. Таарынган  Жедигер атын берип «Кабанын аты качса кармаба, арам өлсүн» деп таарынып  айылы менен Ысык-Ата районунан Туз айлынан (азыркы Канттан)  Таш-Көмүр, Майлуу-Сайга көчүп кетет.

***      

Кыргыздар калмактар менен (1680-1753-ж.ж.) каршылашып    турганда кыргыз Боктубай бир тууганы Бешкемпир менен жана дагы бир жолдошу менен ачкадан өлбөс үчүн жалгыз атынын  эки кулагын кесип бышырып жешип, кан тамырын чегип канын соруп аман калышкан.

1779-96 жылдардагы кыргыз-казак тирешинде бир окуя болот. Солтонун баа-тыры Бөрүбай казактын  баатыры Бердикожонун колуна түшөт. Бердикожонун мыкты Көк-Чолок деген күлүгү  болот. 1795-жылы күзүндө конок тарууну чаап жыйноо учурунда Бөрүбай Көк-Чолокко секирип минип чу коёт.  Бердикожо атып чыгып көрүп туталанып «Кош бол баатыр! Сенин көзүң Көк-Чолокко өтүп турганын байкагам! Муну кыларыңды билгем! Артынан куубайм, кууганда да Көк-Чолок жеткирбейт. Тулпарың  кут болсун балам!» – деп көпкө жолду карайт.

***

1967-жылы  «Караш-Караш окуясы» деген киносун Болот Шамшиев Көкөмерен суусунда тартып жатканда Бактыгулдун ролундагы Сүймөнкул Чокморовдун Сүлүк-Кара аргымагын суу алып кеткенде, боздоп ыйлайт эмеспи. Сүймөнкул өзү «буркан-шаркан суу атымды алып кеткенде чын эле катуу ыйлагам» деп эскергенин, Болот Шамшиев: «алты киши аркан менен кетип бараткан атты кармай албай койду», – деген сөздөрүн өз ооздорунан уккам.

***

1912- жылы октябрь айында Кеминде Шабданга аш берилди. Ашта баш байгеге 5000 сом сайылган. А кезде койдун баасы 1 сом, жылкы 6 сом болчу. Бүткүл Түркестандан мен менсинген 170 күлүк келген. Арасында карабайыр, акал теке, Бишкек уездинин  башчысы майор Бычковдун англия-лык таза кандуу Жакерия аттуу  күлүгү, казактын аргымактары чогулган. Аралык 40 чакырым –Токмоктон Боролдойдун дөңүнө чейин  эле. Жолду ортодо башка аттарды кошуп жибербесин деп мылтыкчан  орус казактар кайтарышкан. Ошол ат чабышта Талкан болушунун Борончу Өтөгөн уулунун жээрде аты бир саат, бир мүнөттө алдыга келген.  Жакерия бешинчи калган. Бул окуяны «Туркестанские ведомости» гезити жазып чыкан. Кыргыздын күлүгүнө тең келчү ат жок го чиркин!

***

Орто кылымда, андан кийин да Азиялык көчмөндөр  чабыштын алдында, көптөгөн үйүр-үйүр жылкыларды жоонун тизилген жерине каптатып айдап, талкалоочу. Бул танкадан кем эмес эле. 1242-жылы   монголдун Байжу нойо-нун 30 миңден турган түмөндөрү түрк Кей-Хюсревдин 200 миңдик кошундарын ушинтип жеңген. Атчан монголдордун түмөндөрү Тынч океандан Жер ортолук  деңизине чейин жеткен.

***

Казак жазуучусу Ильяс Есенберлин  «Көчмөндөр» романында  «Кенесарынын сарбаздары чөл-талаада Улуу тоодон Кокон чеби  Созокко чейинки  600 чакырымды үч күндө басып өткөнү, чөп жок жерде аттарына бышырылган койдун куйругун тилип сугунтканы баяндалат.

Наполеон «Египеттин мамлюктары XVIII кылымда эң мыкты атчан аскерлери болучу. Бир мамлюк үч французга тете» деп жазган.

***

XIX кылымдын биринчи жарымында алдаяр Мойт аке  жолдо  бир аттын тезегин көрүп, «Ата-аа! Мыкты тулпар экен, бул каяктан келген кербен?” –  деп жолоочудан сурайт. Ал  айтат. Артынан чаап, көлдүн Кызыл-Кыясынан өтүп Жаркенттен кууп жетип, бир арык кунанды көрүп кербен башынан өзүнүн жоргосун, дагы бир үйүр жылкы берип сатып алат. Кийин ал алдына ат чыгарбаган күлүк болуп чыгат.

***

1917-жылы күз айларында Үркүндөн качкандар Ак-Суу, Турпандан кайта кайтышат. Ошондо болгон окуя. Бир коктуда каза болгондордун сөөгүн көрүшүп, аттан түшүп куран түшүрүшөт. Андан ары бастырса дагы эле сөөктөр. Аларга жалпы куран окушат. Андан кийин  улуусу  «минтсек үйгө жетпейбиз, көзүңөрдү байлап, аттын оозун коё бергиле» дейт. Аттар өздөрү ошол коктудан жол таап элди алып кетет.  Аттардын бир да туягы сөөктөргө тийбейт. Мына ушундай асыл жаныбар.

***

1932-жылы Ысык-Көлдө, Нарында, Таласта, Чүйдө, Ноокатта, Өзгөндө асыл тукум жылкы чарбалары уюштурула баштады. Кызыл армияга жылкылар керек эле. Ата Мекендик согушка Кыргызстан  100 миңдеген жылкыларын жөнөттү.

Н. Хрущев (кыргыздар Курушуп  дечү) бийликте турган 1953-64 жылдарда жылкы тукумуна балта чабылды. Ал «бизге жылкынын кереги жок» деп корсулдады. Ошол жылдарда жылкыларды этке төгүп курутту. Бир жылкыны 20 тоокко айырбаштап алышчу. Эстүү чарба башчылары мыкты жылкыларды алыскы тоонун башына, көмүскө жерлерге катышкан.

***

Бир нерсе менен макул боло албайм. Ал көк-бөрү. Оюндан кийин аттар калтырап-титиреп, башын жерге салып турганын көрөсүң. Оюнда камчы менен сабап, ырайымсыз башка, көзгө, санга камчыны батыра чабышат. Бечара жаныбар сурагысы келет: – «Эмне жазыгым үчүн мынча кордойсунар, камчылайсынар? Менин силерге талыкпай кылган кызматым үчүнбү? Мен деле тируу жанмын го?”.

Кыргыздын жылкысы жыл бою өз жанын өзү бага алат. Кышында карды
тээп жейт, анын артынан уй-кой да чөп жейт. Кайра жандантса кыргыз жылкыларын, «жаңы кыргыз» породаларын көбөйтсө, тышкы базарга алып чыкса болор эле.  Жылкы малын сүйбөгөн кыргыз жок. Аларга пайызы жок 10 жылга кредит берсе жылкынын саны көбөйөт эле. Кыргыз жылкы менен  байыган. Малдуу кишилерден  «Канча жылкыныз бар?»  деп сурайт.

Назарбек САТАР уулу

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар