Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров расмий сапары менен Бахрейнге барды

Садыр Жапаров расмий сапары менен Бахрейнге барды

Президент Садыр Жапаров 21-апрелде Бахрейндин королу Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу боюнча Бахрейн Королдугуна расмий сапары менен барды. Бул тууралуу Президенттик Администрациядан билдиришти.

«Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-бахрейн өз ара кызматташтыгын эки жакты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат», — деп жазылат маалыматта.

Жапаровдун учагы Манама шаарындагы «Бахрейн» эл аралык аэропортуна конду. Аны Бахрейн Королдугунун тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Альзаяни жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар