Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров «Борбор Азия-Италия» саммитине катышуу үчүн Астанага барды

Садыр Жапаров «Борбор Азия-Италия» саммитине катышуу үчүн Астанага барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда, «Борбор Азия-Италия» саммитине катышуу үчүн Астана шаарына иш сапары менен барды. 
Мамлекет башчынын учагы Н.Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.
Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия мамлекеттеринин жана Италиянын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында «Борбор Азия-Италия» биринчи саммитине катышат.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар