Жумушундагы кол салууга байланыштуу сүйлөбөй калганы үчүн 16 жыл пособие алып жүргөн аялдын калпын жеке детектив аныктап чыкты.
Испаниянын тургуну супермаркетте сатуучу болуп иштеген. Ага бир күнү кардар кол салган, окуя аны ушунчалык коркутуп койгондуктан, дарыгерлер ушул окуядан кийин сүйлөбөй калган деп бүтүм чыгарып беришкен. Окуя жумуш учурунда болгондуктан, пособия төлөп берүүнү камсыздандыруу компаниясы мойнуна алган. Бир нече жылдан кийин камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрү кызыктуу жагдайга туш болушкан. Аял дарыгерлерге дайыма каттаган, бирок, бир дагы медициналык отчетто анын сүйлөй албай тургандыгы жазылган эмес. Компаниянын өкүлдөрү муну аныктоо үчүн детектив жалдашкан. Аңдуу учурунда “сүйлөбөгөн” аял жакшынакай эле сүйлөп, көчөдө эл менен кадимкидей мамиле кыла турганы аныкталган. Детектив бир күнү аялдан жакынкы дүкөнгө чейин кантип барса боло турганын сураган. Аялдын сөзүн жашыруун камерага тартып алган. Жыйынтыгында сот аны мындан ары пособия албайт деп чечим чыгарган. Андан сырткары камсыздандыруу компаниясы алдамчылык боюнча сотко беришкен.