Бүгүн Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Нарын шаарындагы базарларда акциздик маркаларды товарларда колдонуу боюнча талаптардын аткарылышын көзөмөлдөөгө багытталган рейддик иш-чарага катышты. Бул тууралуу салык казматынан билдиришти.
Ошондой эле рейдге Президентинин Иш башкаруучусу башчысы Каныбек Туманбаев катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө салыктык тартипти бекемдөө жана мыйзамсыз товар жүгүртүүнү аныктоо максатында соода түйүндөрүндө текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салык мыйзамдарын, өзгөчө акциздик маркаларды колдонуу боюнча талаптарды так сактоо зарылдыгын баса белгиледи.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында акциздик маркаларга байланышкан салык мыйзамдарынын бузуу факты аныкталды. Мыйзам бузгандарга карата тиешелүү мыйзам чегиндеги чаралар, анын ичинде айып пул салуу колдонулду.
Эске салсак, мындай рейддик иш-чаралар аймактардагы көмүскө экономикага каршы күрөшүү, мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана салыктык тартипти чыңдоо максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

