28–30-май күндөрү Ош шаарында кыргыз поэзиясынын классиги Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына арналган “Жашыл аалам” аттуу эл аралык поэзия фестивалы өтөт. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан кабарлашты.
Фестиваль түрк дүйнөсүндөгү адабий жана маданий кызматташтыкты чыңдоо, жаш акындарды колдоо жана поэтикалык мурасты жайылтуу максатында уюштурулууда. Иш-чарага Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген жаш акындар катышат.
Фестивалдын алкагында Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы “Жолон Мамытов” аллеясында акындын эстелиги ачылып, бир нече поэзия кечелери өткөрүлөт.
Иш-чараны Түрксой эл аралык уюму, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, ОшМУ, Ош шаардык мэриясы жана башка уюмдар биргелешип уюштурууда.
Жолон Мамытов — 1940-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Ал өзүнүн “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам”, “Убакыт”, “Мезгилдин элеси” сыяктуу ыр жыйнактары менен кыргыз поэзиясында терең из калтырган. Анын айрым чыгармалары орус жана башка тилдерге которулса, өзү да бир катар дүйнөлүк акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон.
Акын 48 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан.