Башкы беткеМаанилүүМинкаб жаңы гимнди тандоо боюнча комиссия түздү

Минкаб жаңы гимнди тандоо боюнча комиссия түздү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 20-апрелиндеги №267-т буйругу менен мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясын тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түздү.

Ага ылайык, Маданият министрлигине комиссиянын ишин уюштуруу, мамлекеттик заказ механизми аркылуу чыгармачыл жамааттарды тартуу жана сунушталган долбоорлорду кеңири коомдук талкуудан өткөрүү тапшырылды.

Тандалган үч вариант 2026-жылдын 1-июнуна чейин Жогорку Кеңештин кароосуна берилүүгө тийиш. Каржылоо 2026-жылга республикалык бюджеттен каралган.

Мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы:

  • Арслан Койчиев – КР Мамлекеттик катчысы, комиссиянын төрагасы;
  • Мирбек Мамбеталиев – Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри, комиссиянын төрага орун басары.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

  • Уланбек Жаанбаев – КР Жогорку Кеңешинин депутаты, «Элдик» депутаттык тобунан;
  • Бактыяр Калпаев – Жогорку Кеңештин депутаты, «Ала-Тоо» депутаттык тобунан;
  • Венера Салямова – Жогорку Кеңештин депутаты, «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобунан;
  • Камила Талиева – Жогорку Кеңештин депутаты, «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан;
  • Нуржамал Торобекова – Жогорку Кеңештин депутаты, «Ишеним» депутаттык тобунан;
  • Октябрь Капалбаев – КР президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары, стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы;
  • Мелис Мураталиев – КР президентинин карамагындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы;
  • Чолпонкул Арабаев – КР Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, Мамлекет жана укук институтунун директору, академик;
  • Абдылдажан Акматалиев – Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, академик;
  • Карагул Тиленчиев – КР эл артисти, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы хормейстери;
  • Медет Осмонов – «Манас» президенттик камералык оркестринин көркөм жетекчиси, композитор, дирижёр;
  • Урмат Тентимишов – Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестринин башкы дирижёру жана көркөм жетекчиси;
  • Чынар Уметалиева – КР Композиторлор союзунун мүчөсү, музыка таануучу, маданият таануу илимдеринин доктору;
  • Тимур Саламатов – КР Композиторлор союзунун мүчөсү, маданияттын эмгек сиңирген ишмери, музыкалык сынчы, композитор;
  • Түгөлбай Казаков – КР Музыка ишмерлер союзунун төрагасы, КР эл артисти, композитор;
  • Каныкей Эралиева – КР эл артисти, композитор;
  • Динара Алсаитова – музыка таануучу, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын окутуучусу;
  • Сыртбай Мусаев – КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, илимдин эмгек сиңирген ишмери;
  • Садык Тиллебаев – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин доктору, адабиятчы;
  • Карбалас Бакиров – КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР эл акыны.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 29-январда Маданият министрлиги сунуштаган гимндин 3 долбоорун тең четке каккан.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар