Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЕвропарламент: Грузиядагы парламенттик шайлоо мыйзамсыз өткөн

Европарламент: Грузиядагы парламенттик шайлоо мыйзамсыз өткөн

Европарламент Грузиядагы 2024-жылдагы парламенттик шайлоолорду мыйзам бузуу менен өткөн деп таап, өлкө демократиялык өнүгүүдөн четтеп, мамлекеттик институттар бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын толук көзөмөлүндө калганын белгиледи. Бул тууралуу Deutsche Welle (DW) басылмасы жазды.

Евробиримдикке сунушталган докладда саясий оппозиция өкүлдөрүнө, журналисттерге жана демонстранттарга карата кысым күчөгөнү баса белгиленет. Анда Европа Биримдигине Грузия менен болгон саясий жана дипломатиялык мамилелерди кайрадан карап чыгуу сунушталып, жаңы шайлоолорду эл аралык көз карандысыз байкоочулар менен өткөрүү, ошондой эле укук бузууларга тиешеси бар мамлекеттик кызматкерлерге санкция киргизүү чакырыгы камтылган.

Евродепутат Раса Юкнявичене Грузиядагы азыркы кырдаалга токтолуп: “Грузияны Орусиянын кызыкчылыктары ичинен басып алды. Бирок грузин эли 200 күндөн бери тайманбай каршылык көрсөтүүдө”, — деп билдирди.

Тбилиси расмий түрдө бул сын-пикирлерге жооп бере элек.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар