whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.01.2026
1.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖапонияда "Кыргызстан күнү" уюштурулду

Жапонияда «Кыргызстан күнү» уюштурулду

Жапониянын Осака шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк EXPO-2025 көргөзмөсүндө «Кыргызстан күнү» өтүп, кыргыз маданияты, улуттук өнөрү жана салт-санаасы эл аралык коомчулукка таанытылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги 7-июнда маалымдады.

Иш-чаранын алкагында концерттик программа уюштурулуп, кыргызстандык артисттер классикалык, элдик жана эстрадалык чыгармаларды аткарышты. Ошондой эле «Манас» эпосунан үзүндү сахнадан жаңырса, кыргыз жана жапон элинин музыкасы бир сахнада угуучуларга тартууланды.

Мындан тышкары, көргөзмөнүн коноктору кыргыздын улуттук тамак-ашы, кийим-кечесин жана кол өнөрчүлүк буюмдарын да көрүп-баалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

EXPO көргөзмөсү 1851-жылдан бери дүйнө өлкөлөрүн инновациялык жана маданий жетишкендиктери аркылуу тааныштырып келаткан абройлуу эл аралык иш-чара болуп эсептелет. Быйылкы EXPO-2025 “Жашоо үчүн келечек коомду долбоорлоо” деген ураандын алдында өтүп жатат жана негизги багыттары – жасалма интеллект, космос жана туруктуу өнүгүү.

13-апрелде башталган көргөзмө 13-октябрда жыйынтыкталат. Ага дүйнөнүн 160 өлкөсү катышууда. Жалпысынан 38 павильон иштеп жатат, алардын бири Кыргызстанга таандык. Көргөзмөнүн ачылышына чейин эле 8,7 миллион билет сатылып кеткен.

Гезит

2025-й в цифрах и фактах

Рост ВВП ВВП Кыргызской Республики в январе-ноябре 2025 г. увеличился на 10,2%.  Сильные инвестиционный и потребительский спрос продолжают составлять опору роста экономики. Инвестиции в основной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар