whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомМарат Иманкулов "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" форумуна катышты

Марат Иманкулов «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» форумуна катышты

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» доктринасына арналган биринчи форумга катышты.

Марат Иманкулов өз сөзүндө Кыргызстандын бай тарыхын, мамлекеттүүлүккө салым кошкон көрүнүктүү инсандардын эмгегин атап өтүп,  мамлекеттин өнүгүүсүн, акыркы жылдардагы экономикалык өсүштү жана мекендин бүтүндүгүн, тынчтыгын сактоо үчүн армиянын коргоо жөндөмдүүлүгү чыңдалып жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле таалим-тарбия жана билим берүү чөйрөлөрү көңүл чордонунда экендигин жана президент Садыр Жапаровдун ырааттуу саясаты аркылуу Кыргызстан эли биримдикте, ынтымакта өнүгүүгө карай багыт алып жатканын баса көрсөттү.

Жазуучуларга кайрылып, агартуучулук ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, элибиздин мекенге болгон сүйүүсүн жана улуттук түпкүлүгүн таанып-билүүсүн күчөтүү максатында “Менин Кыргызстаным” аттуу китеп жазууну сунуштады.

Форумда салттуулук менен модернизациянын айкалышына, ошондой эле президенттик «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужол доктринасынын маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучулар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү руханий негиздер, коомдун биримдиги жана жарандардын жоопкерчилиги сакталган шартта гана мүмкүн экенин баса белгилешти.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар