whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
24.3 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЖаңылык жарчысы гана эмес, жаңылык жаратуучу

Жаңылык жарчысы гана эмес, жаңылык жаратуучу

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

Студенттер үчүн экскурсия уюштурулуп, алар редакциянын тарых музейи, видеостудиясы менен кенен таанышты.

 

Редакциянын жетекчилиги студенттерге улуттук төл гезит “Кыргыз Туусу” маданий-интеллектуалдык окуялардын чордону болууга ниети бекем, дымагы бар экенин билдирип, реалдуу пландарын айтып берди. Гезиттин жамаатынын “жаңылык жарчысы гана эмес, жаңылык жаратуучу болобуз” деген идеясы студенттердин айрыкча кызыгуусун жаратты.

“Кыргыз Туусу” гезитинин белдүү кызматкери, белгилүү адабиятчы жана журналист Болотбек Таштаналиев кылым карыткан гезиттин тарыхын баяндап, кесиптик тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал эми гезиттин интернет сайтынын жетекчиси Наргиза Козубаева жана сайттын редактору Айгерим Качкынбекова болочок журналисттерге кызыктуу лекция өтүп, кыскача мастер-класстын элементтерин көрсөттү. Студенттер менен жолугушуу гезит чыгып жаткан күнгө туш болгондуктан, болочок журналисттер редакциянын чыгармачыл ишин жана өндүрүштүк процессин өз көзү менен көрүп, гезит тууралуу кызыктуу маалыматтарды алышты.

Султанбек АМАНБЕК уулу,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар