whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.01.2026
-5.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыШвейцариянын Кран-Монтана курортунда чыккан өрттөн ондогон адам каза болду

Швейцариянын Кран-Монтана курортунда чыккан өрттөн ондогон адам каза болду

Швейцариянын Кран-Монтана тоо-лыжа курортунда Жаңы жылды тосуп жаткан маалда чыккан өрттүн кесепетинен ондогон адамдар каза болуп, 100дөн ашууну жаракат алды. Бул тууралуу полиция билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Constellation аттуу барда Жаңы жылдык иш-чара өтүп жаткан учурда, түнкү саат 01:30 чамасында катуу өрт чыккан. Ал учурда барда 150дөн ашуун адам чогулган.

Кантондук полициянын өкүлү «көптөгөн жаракат алгандар жана каза болгондор бар» экенин билдирген. Кийинчерээк Италиянын Тышкы иштер министрлиги Вале кантонинин укук коргоо органдарына таянып, 40 адам каза болуп, 115 адам жаракат алганын маалымдады.

Башында окуя белгисиз себептен болгон жарылуу катары мүнөздөлгөн. Кийин полиция өрт версиясын негизги себеп катары карап, анын чыгуу себептери азырынча тактала элек экенин билдирди. Айрым швейцариялык ЖМКлар бир нече жарылуу болушу мүмкүн экенин жазып, өрт концерт учурунда колдонулган пиротехникадан чыккан болушу мүмкүн деген божомолдорду келтиришти.

Учурда окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. Өрт көзөмөлгө алынганы маалымдалды.

Гезит

Эмгек, аракет – ийгиликтин ачкычы

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи. Ар иштин көзүн таба билген Нурсултан Муратов бут кийим тигүүгө мындан он жыл мурун кызыгып калат. Азыр келечекте...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар